Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Нарын

Кочкордун Комсомол айылындагы бала бакчага кошумча имарат ачылды (фото)

Turmush -  Кочкор районунун Комсомол айылындагы бала бакчага кошумча имарат ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Талаа-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Белек Жолдошбек уулу билдирди.

Анын айтымында, Комсомол айылындагы «Баластан-Нуру» бала бакчасына Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен салынган кошумча имараттын ачылышы чоң салтанат менен өттү. Аталган имарат балдар ойноочу бөлмө катары курулуп, 1 миллион 200 миң сом каражат жумшалган. Мындан сырткары Дүйнөлүк банктын «Билим берүү максатындагы глобалдуу өнөктөштүк» долбоорунан 2 миллион сом бөлүнүп, ага оюнчук, керектүү буюмдар, стол, отургучтар алынды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1376
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×