Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

Ат-Башыда жаштар жасаган хоккей аянтчасында мелдеш уюштурулду (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын жаштары хоккей аянтчасын өздөрүнүн күчү менен даярдап, мелдеш өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, муз аянтчасында өткөрүлгөн бул таймашта 7 команда күч сынашты. Тайпалык оюндарда Казыбек, Ак-Муз, Талды-Суу айылдарынын спортчулары жана муз ээси болгон кызыл-туулук оюнчулар артыкчылыктарын көрсөтүштү. Финалдык беттешүүдө Ак-Муз айылынын командасын уткан Талды-Суу айылынын командасы биринчи орунга көтөрүлдү. Экинчи орунду ак-муздуктар жана үчүнчү орунду казыбектиктер ээлешти.

Ат-Башыда хоккейдин жайылтыла баштаганына аз убакыт болсо да, райондун курама командасы жакында эле Миң-Куш айылында өткөрүлгөн республикалык турнирде байгелүү үчүнчү орунду камсыздаган. Спорт адистеринин пикиринде, жаңыдан гана ири мелдештерге аралаша баштаган команда үчүн бул чоң ийгилик. Антсе да, ат-башылык хоккейчилердин эпикировкадан аксап жаткандыктары ойлонтот деп кошумчалашты адистер.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Кызыл-Туудагы хоккей мелдешине Ат-Башыдан чыккан аттуу-баштуу инсандар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү демөөрчүлүк кылып, байгелерин коюп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 806
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×