Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 08.02.2018 12:07

Айыл турмушу: 9 жашынан тайган баккан А.Чекиров аңчылыктагы кызыктуу окуяларын айтып берди (фото)

Turmush -  Нарындык Алтынбек Чекиров 9 жашынан бери тайган багып келет. Ал тайган менен иттин айырмасын жана аңчылыктагы кызыктуу окуяларын аймактык кабарчыга айтып берди.

- Алтынбек мырза, бул тайганды эмне максатта багып жүрөсүз?

- Тайган бакканымдын себебин айтып берейин. Ар ким ар кандай максат менен багат. Кээ бирөөлөр мергенчилик үчүн, кээ бирөөлөр сулуулугу үчүн, айрымдар тайгандын жарышканына кызыгып бакса, айрым адамдар тайганды бизнес катары багат. Мен тайганды жарыштыргым деле келбейт, саткым да белбейт. Мен сулуулугуна кызыгат болушум керек. Мергенчиликке деле алып чыгам, бирок мага сулуулугу жагат.

- Ошондо канча жылдан бери тайган кармап келесиз?

- Өзүм бала кезден ит жандыгына кызыгам. 9-10 жашымдан баштап ар кандай мергенчи иттерди бактым. Байкаганым, бир ит жандыгы ушул тайганга теӊ келбейт экен. Мындайча айтканда тайгандын мүнөзүндөй бир да итти жолуктурган жокмун. Анын мүнөзүн айтып, сөз менен жеткире албайсыӊ. Тайган ар бир кырдаалга жараша жүрөт. Негизи жөнөкөй иттен тайгандын көп айырмасы бар. Илгертеден айтылып келе жаткан бир сөздү угуп жүрөм. Тайганды ит деп айтууга болбойт дешет. Бул жаралганы эле ит болуп эмес, тайган болуп жаралган деген сөз бар экен. Анткени жөнөкөй иттен айырмасы абдан көп жана чоӊ. Мунун иттерден изи да башка болот. Буттары, көздөрү, турган турпаты өзгөчө. Эӊ негизгиси тайгандар өтө таарынчак болушат. Ошону үчүн мен тайгандарыма өтө аяр мамиле кылам.

- Мергенчиликке да чыгып жүрсөӊүз керек?

- Мергенчиликке көп эле чыгып жүрөбүз. Ошондо тайгандарыбызды да ээрчитип алабыз. Мурдагы тайгандарым менен жырткыч жандыктарды алып жүрдүк. Түлкү, чөө, карышкырларды. Албетте, андай ууга мен жалгыз чыкканым жок, сөзсүз жанымда досторум болду. Карышкырларды алган тайгандарым болгон, азыркы учурда жок.

- Ушул тайган менен болгон кызыктуу окуяӊыздан айта кетсеӊиз.

- Эсимде, 2010-жылы Нарынга тайгандар менен кашкулак кармайбыз деп чыгып калдык. 6 тайган менен барсак да түнү менен кашкулак кармай албай койдук. Таӊ аткыча отуруп, бир маалда тамактанып баштадык. Ошондо бир тайганыбыз жок, үйгө кетип калды го деп ойлодук. Ошол учурда жоголуп кеткен тайганыбыз кашкулак көтөрүп келди. Көрсө өзү жалгыз барып кашкулак алыптыр.

9 жашымда эӊ биринчи тайганымды үйгө алып келдим. Ошондо көп кабаттуу үйдөгү батирде жашачубуз. Аны бөлмөгө киргизип бактым. Үйдөгүлөр «үй сасыйт, ит жыттанып, тайганыӊды жогот же тайганыӊ менен кет» деп урушуп жүрүшүп, бир күнү мени тайганым менен кошо кубалап чыгышкан. Алар мени тайганын таштап келет деп ойлошсо керек, мен көп кабаттуу үйдүн кире беришинде тайганым менен отура берип таӊ атыргам. Ошондо мени тайганды таштабасымды алар түшүнүштү окшойт, кайра тайганымды ээрчитип үйгө киргизишкен.

- Кыргыз тайгандарын өнүктүрүүдө келечектеги максаттарыӊыз кандай?

- Келечекте тайган көбөйтүү боюнча питомник ачсам деп турам. Бул жакта да досторумдун салымы чоӊ болуп жатат. Алсак, Шалтадан Тилек, Күн-Туудан Чыңгыз, Бишкектен Жакшылык, Фардин жана башка балдардын жардамы көп тийүүдө. Алардын да идеялары, сунуштары бар.

- Өзүӊүз тайгандан бөлөк эмне иш менен алектенесиз?

- Өзүм бош убактымда унаа боеп, сүзүлгөн унааларды түздөп, оңдоп иштейм. Кээде устачылык да кылып келебиз.

- Үй-бүлөӊүз, балдарыӊыз менен тааныштыра кетсеӊиз.

- Жылдыз аттуу келинчегим жана 2 балам бар. Балдарымдын улуусу Агил 4 жашта, кичүүсү Али 3 жашта. Өзүм Нарын шаарынын Ат-Башы айылында 1988-жылы төрөлгөм.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×