Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ош

Дайынсыз жоголгон Жамилянын туугандары милицияга 10 жылдан кийин кайрылышкан (толукталды)

Turmush -  Бишкектеги Октябрь РИИБдин кызматкерлери 11 жыл мурун дайынсыз жоголгон Нияз кызы Жамиляны табышты. Бул маалыматты бүгүн, 7-февралда ШИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Жамилянын жакындары (тайлары) укук коргоо органдарына арыз менен 2017-жылы кайрылган. Алардын айтымында, кызы 2007-жылы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес.

Октябрь РИИБдин кызматкерлери ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө 28 жашка толгон Жамиляны табышты. Учурда анын абалы жакшы, туугандары менен бирге.

Нияз кызы Жамиля

Кийинчерээк Turmush басылмасынын кабарчылары Жамилянын атасы Нияз Сулайманов Кара-Суу районундагы Кара-Сөгөт айылында жашап жатканын такташты. Ал быйыл 85 жашта.

Айыл башчысы Жолборс Муратовдун айтымында, Жамиляны Нияз Сулаймановдун экинчи жолу турмуш курган жубайы төрөгөн.

«Нияз Сулайманов биринчи аялынан 3 кыздуу болгон. Экинчи аялынан 1 кыз, 1 уулу бар. Кызы таякелеринин колунда чоңоюп, 2003-жылы апасы кайтыш болгондо гана келген. Андан кийин Бишкекте апасынын туугандары менен жашап жүргөн. Кийин алар менен урушуп, үйүнөн чыгып кеткени тууралуу укканбыз. Бүгүн кыздын иниси Эрмектен сурасам, "табылды деп уктум, бирок мен эжемди көрө элекмин" деди. Иниси Эрмек 1996-жылы төрөлгөн, учурда үй-бүлөлүү», - деди Ж.Муратов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 20962
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
dandia81
01:24, 10 февраля 2018
кыргызча болсо эле, кызыгы жокпу? - Ата0Эне ыйык, бирок, таштап салган кызын, тотонунон бок чачыраганда эстеген го. кач, кыз, акылын болсо - милицияга бербей, жон эле жардам сурашса жарашмак
Нет аватара
nurbek.nurik
19:48, 07 февраля 2018
Надо было ещё подождать
Нет аватара
SanAndreas13
18:05, 07 февраля 2018
10 лет видимо ждали ее
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×