Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Нарын

Айыл турмушу: А.Нуркасымов чанач менен сабаада жасалган кымыз кайсы ооруларга дары экендигин айтты (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынын 50 жаштагы тургуну Алтынбек Нуркасымов көп жылдан бери сабаа, чанач жасап киреше табат. Уста алардын жасалышы тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, бул өнөрдү апасынан үйрөнгөн.

«Устачылык өнөр атамдан калса керек. Себеби атам сабаа, чанач, ат жабдыктарын жасаган чебер уста болгон экен. Бирок ал киши мен кичинекей кезимде каза болуп калгандыктан апам мага терини иштеткенден баштап, кантип жасаларына чейин үйрөттү.

Тагдырдын сыноосубу, айтор соода кылып жүрүп банкрот болуп, ошондон баштап ушул ишке баш отум менен кириштим. Башында нокто, жүгөн, куюшкан сыяктуу ат жабдыктарын жасасам, учурда сабаа, чанач жасап сатам. Жасаган буюмдарды өлкөбүздүн ичинде гана эмес Германия, Монголиядан да кардарлар келип алып кетишет. Чаначтын баасы 1500 сомдон жогору бааланса, сабаа 10 миң сомдон өйдө бааланат. Ошондой эле жасаган эмгектерим музейлерде сакталып турат», - деди ал.

Чанач жасоо ыкмасы:

- Эчкинин териси туюк сыйрылып алынат;

- Сыйрылып алынган теринин жүнү устара менен кырылат;

- Тери үч күндөй көлөкөгө тоборсуп жайылат. Эгерде тери катуу кургап кетсе анда айран, сүт менен жумшартылат. Көпкө туруп кургаган терини ашатуу керек;

- Талкуга (арча же карагайдан жасалган жумшарткыч) салынат;

- Карагайдын тоо буурчагына эки ай бою күнү-түнү тынымсыз жай ышталат. Эгер катуу от жагылып кетсе анда ыш теринин ортосуна жетпей катып калат;

- Чаначтын бучкактары жана түбү чыйратылган жиптен же тарамыштан милте (жээк) коюлуп тигилет;

- Тигилген чаначтын ичине суу куюп, 2-3 күн коюлат;

- Суусу төгүлгөндөн кийин кайрадан 2 саат жакшы ышталат;

- Толугу менен ышталган чаначтын ичине сары май сүйкөлөт;

- Сары май сиңип, даяр болгон чаначка кымыз куюлат.

А.Нуркасымовдун айтымында, сабаа уйдун терисинен да ушундай ыкма менен жасалат. Ышталган чаначта же сабаага жасалган кымызды ичкенде адам бир нече ооруларынан айыгат. Тактап айтканда ашказан жарасына, астма менен ооруган адамдарга оң таасирин берет. Ыш дагы майда бактерияларды жолотпой турган касиетке ээ.

А.Нуркасымовдун жубайы Б.Тыналиева экөөнүн баш кошконуна 29 жыл болду. Алардын 4 уул жана 1 кызы бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1764
×