Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

Айыл турмушу: Ат-башылык кол өнөрчү З.Календерова 7 ирет «Кыргыз шырдагы» фестивалын уюштурду (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун 60 жаштагы тургуну Замира Календерова кол өнөрчүлүк менен алектенип, фестивалдарга катышып келет. Аймактык кабарчы кол өнөрчү менен таанышты.

З.Календерова учурда шырдак, кийизден бут кийим жана азем буюмдарды буйрутма менен жасап, Казакстан, Түркия, Россия, Америка, Германиянын жарандары менен иштешип жатат.

«Кол өнөрчүлүктү апамдан үйрөнгөм. Апамдын жасаган кол эмгектерине мен гана эмес айылдаштардын бардыгы суктанар эле. Айылдыктарга ичик, тебетей, кийим тигип жана шырдак жасап жатканда ага жардам берип, үйрөнүп алгам. Сегиз жыл сатуучу болуп иштедим. Бош убактымда кол өнөрчүлүк менен алектенип, кызыгуум артып, 2010-жылы эмгектеримди сатыкка чыгара баштадым. Учурда шырдак, кийизден бут кийимдерди жана азем буюмдардын түрлөрүн жасап, чет өлкөлүктөр менен иштешип жатам. Азем буюмдар 50 сомдон, ал эми кийизден жасалган бут кийимдер 250 сомдон жогору бааланат. Шырдакты чарчы метрине жараша баалайм. Мындан тышкары, неберелериме, балдарыма улуттук кийимдерди тигип берем. Жолдошум кыргыздын буюмдарын, шырдак жасаганымды жана кийим тиккенимди абдан баалап, жардам берет», - деди ал.

Кол өнөрчү көптөгөн кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. Ошондой эле, ал «Кыргыз шырдагы» фестивалынын уюштуруучусу.

«Кыргыз шырдагы» фестивалы 7 ирет өткөрүлдү. Алгач 2014-жылы боз үй жасалгалап, «Мыкты боз үй» сыйлыгына татыдым. Ушул жылы «Көчмөндөр жаңырыгы» сынагында, 2015-2016-жылдары «Кыргыз шырдагы», «Кымыз» фестивалдарында байгелүү орундарага ээ болдум. Мындан тышкары, 2017-жылы «Өмүрү өрнөк жубайлар», «Айылдын мыкты маданият кызматкери» наамдары менен сыйландым», - деди ал.

З.Календерова кол өнөрчүлүктөн тышкары ыр жазат.

«2000-жылы апам көз жумганда кайгыга батып, ыр жазгам. Ошол мезгилден бери ыр жазып келем. Тушоо кесүү, үйлөнүү той, бешикке салуу тойлорунда туугандарыма ыр чыгарып, жагымдуу белек тартуулайм. Апам ыр жазып, сөзгө чебер адам эле. Ыр жазып калуума апам себеп болду», - деди З.Календерова.

Ал жолдошу экөө 5 баланын жана 3 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 858
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×