Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусуКочкор району 02.02.2018 13:06

Эл ичи — өнөр кенчи: Бала кезинен чыгармачыл чөйрөгө аралашкан А.Бакытбеков 20га жакын эл аралык сынактарга катышты (фото)

Turmush -  Чыгармачыл чөйрөгө бала кезинен аралашып, эл аралык сынактарда байгелүү орундарды алып жүргөн Айбек Бакытбеков 10го жакын ыр жаздырып жана 4 клип тарттырды. Ал 6 жыл мурун чоң сахнага кадам таштап, учурда чыгармачылык менен алек. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Айбек 1992-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу. Анын апасы медицина тармагында эмгектенсе, атасынын көзү өтүп кеткен. Ырчылык өнөр апасы жактан өткөн. Чыгармачыл чөйрөгө бала кезинен аралашып, 20га жакын эл аралык сынакка катышты.

«5-класста окуп жүргөндө сахнага чыктым. Ал эми, чоң сахнага 2012-жылы кадам таштадым. Чүйдөгү Новоповловка айылындагы №2 мектепте жана Кочкор айылындагы №2 мектепте билим алдым. Ал эми, 9-классты Токмок шаарындагы С.Ибраимов орто мектебинде окуп бүтүрдүм. Андан кийин Бишкектеги М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, ортодо эл аралык сынактарга катышып жүрүп академиялык өргүү алдым. Окуу жайды 2015-жылы аяктадым.

Балалык кезим 3 жерде өттү. Чоң ата жана чоң апамдын колунда чоңойдум. Бала кезимде тентек болуп, көп окуяларга кабылгам. Кочкордо жүргөндө талдын башын сындырып алып, ат кылып ойночубуз. Бир күнү чыбык сындыруу үчүн талдын башына чыктым. Өзүм отурган талды аралап алып, бутактарга илинип, жерге кулап түшкөм. Аны эстесем корком, аман калганыма шүгүр дейм. Кичинекей кезимде ыр чыгарып, аны обонго салчумун. Бирок азыр ыр жазып, обон чыгарбай калдым. Учурда чыгаан композитор, чыгармачыл инсандардын ырларын аткарып жатам. Азырынча 10го жакын ыр жана 4 клип тарттырууга жетиштим», - деди А. Бакытбеков.

Ырчынын чыгармачылыкка аралашуусуна эжеси Нурзат Мусаева себеп болгон. Айбек деген ысымды да ушул эжеси ыйгарган.

«Музыкага аралашууга эжем түрткү берди. Ал мектепте окуп жүргөндө эле дүйнөлүк чыгармаларды касета менен коюп алып ырдап, бийлечү. Мен да эжемди көрүп, музыкага аралашып кеттим. Ошондой эле, менин чыгармачылык жолумда мектептеги музыка мугалимим Светлана Анатолевна, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында вокалдан сабак берген Анара Тажибаева эже, бир тууганым Нурзат Мусаева чоң салым кошту. Алар мени колдоп, күч-кубат берген адамдардын катарын толуктады. Мугалимдериме жана эжеме терең ыраазычылык билдирем», - деди ал.

Айбек Бакытбеков «Ысык-Көл кадыр түнү-2012» сынагында 2-орунду багындырып, эл аралык «Жаңы толкун-2013» сынагынын финалчысы болгон. Ошондой эле, Ажербайжандын Баку шаарындагы эл аралык сынакта баш байгени жеңип алган. Ырчы учурда бойдок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×