Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

Видео - Кочкордо III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык катары салбурун өткөрүлдү

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында 2018-жылы өтө турган III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык катары салбурун өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондун улуттук оюндар боюнча жетекчиси Рахат Жамакеев билдирди.

Анын айтымында, салбурунга Нарын облусунун аймактарынан келген мүнүшкөрлөр жана тайган агыткан адамдар катышты. Салбурундун алкагында бүркүт салуу, куш салуу, тайган агытуу, тайган жарыштыруу, жаа атуу сыяктуу оюндар өткөрүлдү.

Оюн «Салбурун» бирикмесинин төрагасы Мурат Абдылдаев тарабынан уюштурулуп, аны фермер Уларбек Абдрасулов каржылады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 592
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×