Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 31.01.2018 16:15

Баетов айыл өкмөтү эски жылды жакшы жетишкендиктер менен жыйынтыктады (фоторепортаж)

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун борбору, айтылуу комузчу, обончу Муса Баетовдун ысымын алып жүргөн Баетов айыл өкмөтү райондогу эң чоң айыл. Анын курамына Баетов жана Кайыңды-Булак айылдары кирет.

Учурда айыл өкмөттө калктын саны 11798 адам болсо, түтүндүн саны — 2621. Айыл аймакта 3 орто мектеп, 5 бала бакча, ФАП, 2 клуб, китепкана, 11 тегирмен, 1 тактай тилүүчү цех, 1 жыгач иштетүүчү цех, 5 ветеринардык сервис, унаалардын дөңгөлөгүн желимдөөчү 2 жай, 5 пескоблок чыгаруучу кичи ишкана жана түтүк чыгаруучу кичи цех жергиликтүү жашоочуларды тейлеп келет. Айыл өкмөттү 6 жылдан бери Талантбек Турусбеков жетектейт.

Т.Турусбеков
Турусбеков Талантбек Амангазиевич 1973-жылы 21-октябрда туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Кыргыз агрардык университетинин жаратылыш ресурстарын башкаруу бөлүмүн бүтүргөн. Кесиби боюнча инженер, жерге жайгаштыруучу. Муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

Эмгек жолу

- 1988-1991-жылдары Кеңири профилдеги тракторист-машинист;

- 1991-1995-ж Орто-Сырт колхозунда малчы;

- 1995-2005-ж «Ормуш» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- 2005-2007-ж «Орто-Сырт» жергиликтүү өнүгүү фондусунун төрагасы;

- 2006-2007-ж АРИС долбоорунун Баетов айылдык инвестициялык комитетинин коомдук башталыштагы төрагасы;

- 2006-2007-ж Баетов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;

- 2006-жылы Баетов айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу;

- 2007-2008-жылдары айыл өкмөттө экономист-статист;

- 2008-2012-ж депутаттардын Ак-Талаа райондук кеңешинде жетектөөчү адис;

- 2012-2016-жылдары Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы;

- 2016-жылдын май айында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын колдоосу менен кайрадан айыл өкмөт башчылыкка шайланган.

Сыйлыктары

- 2009-жылы К.И.Скрябин атындагы агрардык университетинин ардак грамотасы;

- КРнын «Муниципалдык кызматынын отличниги»;

- Нарын облустук администрациясынын ардак грамотасы;

- 2010-жылы КРнын ЖӨБ Улуттук агенттигинин ардак грамотасы;

- 2014-жылы Мамлекеттик кадр кызматынын ардак грамотасы;

- 2014-жылы Баетов айылдык кеңешинин ардак грамотасы;

- 2014-жылы КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер жөнүндө мамлекеттик агенттиктин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы» төш белгиси;

- 2016-жылы КРнын БШКнын ардак грамотасы;

- 2016-жылы Афган согушунун ардагерлеринин медалы;

- 2016-жылы Ак-Талаа районунун «Ардактуу атуулу» наамы;

- Баткен согушунун ардагерлеринин 15 жылдык юбилейлик медалы;

- Ак-Талаа райондук аскер комиссариатынын «Ардагерлер кыймылына кошкон салымы үчүн» медалы менен сыйланган.

Коомдук аткарган иштери

- 2010-жылдын 27-июнь айындагы референдумда Ак-Талаа райондук референдум комиссиясынын төрагасы;

- 2010-жылдын 10-октябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы;

- 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы;

- 2012-жылдын 4-мартында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы;

- 2016-жылы Баетов айылдык кеңешине депутат болуп шайланган.

Баетов айыл аймагында 2017-жылы аткарылган иштер:

2017-жылы айыл өкмөтү, айыл өкмөтүнүн аппараты, жергиликтүү кеңештин депутаттары, кварталдык комитеттер, коомдук уюмдар менен бирдикте алгылыктуу иштерди аткарган.

Жылдан жылга айыл аймакта соода түйүндөрү, кафе-ашканалар элди ар кандай тармак менен тейлөөчү кичи ишканалардын саны көбөйүп, жаңы жумушчу орундары менен толукталып жатат.
Баетов айыл аймагы райондун административдик борбору болгондуктан райондун мекеме-ишканалары дээрлик ушул аймакта жайгашкан.

Айыл аймакта Ата Мекендик согуштун 1 катышуучусу, оруктун 3 ардагерлери, Афган согушунун 7 катышуучусу, Чернобыль апаатын жоюуга катышкан 4 адам, 171 баатыр эне, 10 персоналдык пенсионер, Баткен согушунун 22 катышуучусу, укук коргоо органынын 11 ардагери, Куралдуу күчтөрдүн 4 ардагери жашайт. Жергиликтүү кеңеште 21 депутат бар.

Жыл ичинде жогорку органдардан 738 кат, буйруктар, айылдын жашоочуларынан 358 ар кандай маанидеги арыз-даттануулар түшкөн. Айыл өкмөтү тарабынан 144 буйрук даярдалып, жогорку жактарга тиешелүү мекеме-ишканаларга 729 кат жөнөтүлгөн. Арыздардын басымдуу бөлүгү турак жай куруу үчүн жер сурагандар болгон.

Учурда айылдын башкы планы даяр, бирок жерди трансформациялоо иштери кечеңдеп жаткандыктан турак жай куруучу жарандарга жер бериле элек.

Айыл аймакта коомдук алдын алуу борбору менен бирдикте кылмыштын алдын алуу багытында коомдук байкоочу кеңеш, жаштар комитети, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, аксакалдар соту иш жүргүзүшөт. Баетов айыл өкмөтүнүн алдындагы социалдык комиссия, күрөөсүз насыя берүү комиссиясы, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясы, жер комиссиялары иштеп жатат.

Айыл аймактын социалдык тармагы:

Үй-бүлөлөрдү даректүү социалдык колдоого алгачкы аныктоо жүргүзүү боюнча айыл өкмөттүн алдындагы социалдык комиссия 28 жолу отурум өткөрүп, 385 эненин документтери такталып, 60 үйгө изилдөө жүргүзүлүп, 1082 балага жөлөк пул чектөөгө сунуш берилген.
Айыл өкмөттүн токтому менен 6 баланы камкордукка алууга документтер такталып, шарттары изилденип, камкорчулукка берүүгө сунуш жиберилген.

Жыл ичинде айыл аймактагы социалдык колдоого муктаж адамдарды колдоого алуу боюнча даталуу күндөргө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражаттар бөлүнүп, Аялдардын эл аралык күнү, Чернобыль апаатын жоюуга катышкандардын, Балдарды коргоонун, Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоонун эл аралык күндөрү белгиленип турат.

Социалдык бөлүм айыл аймактагы 3 орто мектептердеги 1838 окуучу жана 5 бала бакчадагы 602 тарбиялануучу менен дагы тыгыз иш жүргүзүп келет. Соцкызматкерлер, соцпедагогдор жана өспүрүмдөр инспекторлору менен бирдикте ички, тышкы миграцияда жүргөн үй-бүлөлөрдөгү 70 балага, РИИБдин каттоосундагы 8 өспүрүмдүн жана камкорчу көзөмөлүндөгү 35 баланын үйлөрүн кыдыруу менен мониторинг жүргүзүлүп турат.

Кыш мезгилине карата айыл аймактагы үйүнөн тейленүүчү жалгыз бой карыларга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жалпы 65 адамга бир тоннадан көмүр таратылып берилген. Ошону менен катар оор жүк ташыган айдоочулардын демилгеси менен 8 үй-бүлөгө бир тоннадан көмүр таратылган.

Жалгыз бой Назира Мааткеримованын үйүн курууга ашар жолу менен шагыл түшүрүлүп, пайдубалы куюлуп, кирпичтерин сатып беришти. Эми жаз алды менен үйдү куруп бүтүү пландалып жатат.

«Ас-Салам» коомдук кайрымдуулук фондусу тарабынан айылдагы аз камсыз болгон 10 үй-бүлөгө бирден уй таратылган. АРИС долбоору тарабынан колдоого алынып, өздүк салым да кошулуп, Кайыңды-Булак айылындагы Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинин чатырчасы алмаштырылды. Ошондой эле, жергиликтүү бюджеттен 140 миң сом от казанына, 10 миң сом жел үйлөгүчкө берилди.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 146 миң сомго ФАПтын имараты курулуп, «Кайыңды-Булак-Чолпон» бала бакчасындагы муктаждыктар үчүн жергиликтүү бюджеттен 45 миң сом берилген. «Алтын муун-Наристе» бала бакчасынын сырты 68 миң сомго декорлонуп, айланасы парктын эски тосмосу менен курчалып жатат.

«Тынчтык» бала бакчасынын ашканасына суу киргизүү үчүн 70 миң сом эмгекке жайгаштыруу комитетинен бөлүнүп берилип, жумуштар аткарылды.

«Баетов таза суу», «Баетов таза аймагы» муниципалдык ишканалары ачылды:

Баетов айыл аймагындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында «Баетов таза суу», айыл аймактагы тазалыкты сактоо максатында «Баетов таза аймагы» муниципалдык ишканалары иштеп жатат. Жарандык коомду колдоо фонду тарабынан «Баетов таза аймагы» муниципалдык ишканасына керектүү техникалар берилген.

Быйыл «Баетов таза суу» ишканасы тарабынан 20 метр чирип калган суу түтүкчөлөрү алмаштырылып, айылдагы 16 суу түтүкчөлөрү калыбына келтирилген. Учурда айыл ичиндеги калкты таза суу менен камсыз кылуучу 33 колонка, 12 скважина бар.

Айыл чарба

Баетов айыл аймагында 1409 гектар айдоого жарактуу жер болсо, анын ичинен 357 гектары пайдаланылат. Анын ичинен 154 гектар жерге буудай эгилип, түшүмү 25 центнерден айланган.

Жазгы айдап-себүү иштеринде дыйкандар күйүүчү жана майлоочу май менен толук камсыздалып, эки АЗС ээлери менен келишим боюнча солярка сатылды. Былтыр жер айдоо учурунда үзгүлтүк болгон жок.

Жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө карата дыйкандар менен бирдикте Туура каналынын 3,5 км аралыгы, Как-Көл каналынын 2,5 км, Ичке-Суу каналынын4,3 км, Кара-Чийдин 3,4 км аралыгы (жалпы 13 км) тазаланган.

Баетов айыл аймагына караштуу 30356 гектар алыскы, ортоңку, айыл четиндеги жайыттар бар. Жайыт комитетинин 2017-жылдагы планы 375 миң сомду түзсө, чогулганы 342 сом болгон.

Жайыт комитетинин эсебинен райондогу жол тейлөө мекемеси менен бирдикте МЕЛС ашуусунун жолун оңдоого 7000 сом, Орто-Сырт жайлоосунан Соломо жайлоосуна чейинки жолду оңдоого 12 600 сом, Кара-Суу жайлоосуна баруучу жолду кардан тазалоого 4200 сом, ноябрь айында Кара-Суу жайлоосунун суу жеп кеткен жолун оңдоого 7980 сом сарпталган.

Алыскы Арпа жайлоосуна көчүп барган 16 малчыга жайыт комитетинин бюджетинен 48 миң сомдук күйүүчү май берилген. 2017-жылы алыскы Арпа жайлоосуна 16 малчы, Орто-Сырт жайлоосуна 18 малчы жайлап келишти.

Жайыт комитетине жайыттагы жолдорду жакшыртуу максатында АРИС тарабынан экскаватор-жүктөгүч берилди.

Айыл өкмөттөгү ветеринардык абал

Айылдагы ветеринардык сервистердин жана айыл өкмөтүнүн ветеринардык адистеринин аракети менен чабандарды кыдыруу графигинин негизинде мал-жандыктарды жугуштуу ооруларга каршы эмдөө, дарылоо жумуштары өз убагында уюштурулуп келген.

Муниципалдык ветеринардык сервисте жаз алды менен 900 баш кой кыркылып, эмдөө иштери жүргүзүлгөн. Баетов айыл аймагындагы ири мүйүздүү малды идентификациядан өткөрүү үчүн жазында 1600 бирка бөлүнүп, толугу менен бүткөрүлсө, күзгү идентификациялоо үчүн 1500 бирка бөлүнгөн. Учурда 1100 бирка уй-торпокторго тагылып бүтсө, 400 бирка запаста турат. Ошондой эле, шарп ылаңына каршы алдын ала 6000 доза вакцина бөлүнүп, эмдөө иштери толугу менен бүткөрүлгөн.

Жыл башынан бери 2300 уй-торпоктордон кан алынып, бруцеллез оорусу текшерилди. Жыйынтыгында 7 баш уйдан бруцеллез оорусу аныкталып, союлуп жок кылынган.

Карасан (эмкар) ылаңын алдын алуу максатында коммерциялык жол менен 1800 доза вакцина жана токту-чебичтерди көзгө тамчылатуу жолу менен бруцеллезго каршы эмдөөгө 10500 доза РЕВ-1 вакцинасы бөлүндү. Жазында кой-эчкилердин күл ылаңына каршы 12000 доза вакцина, күзүндө 5000 доза бөлүнүп, ветеринардык сервистер менен биргеликте эмдөө иштери бүткөрүлгөн. 18 миң 300 баш кой-эчки тери ооруларына каршы Исаков Нурландын жеке менчик күпкөсүндө дарылоодон өттү.

2017-жылдын 15-январынан 15-февралына чейин мергенчилер менен бирдикте ит атуу уюштурулуп, 227 баш жолбун ит, 2 чөө, 9 карышкыр атылып жок кылынган.

Бодо малдарды идентификациялоого ноутбук, смартфондор алынып келип, мал ээлерин жана идентификациядан өткөн малдарды каттоо иштеринде жакшы шарт түзүлдү. АРИС долбоору тарабынан жеке ветсервистердин ишин жакшыртуу үчүн мотоциклдер да берилген.

Көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштери

Баетов айыл аймагынын калктуу конуштарынын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү, экологиялык абалын жакшыртуу, бак-дарактардын аянттарын көбөйтүү боюнча үч айлык жарыяланып, Нарын токой чарбасынан 500 түп «Эл Тянь-Шань», Ак-Талаа токой чарбасынан 3000 түп теректин көчөтү алынып келип, «Жаштык» паркына, «Адилет» паркына, айыл өкмөттүн административдик имаратынын үстүндөгү жаңы уюшулган паркка, «Ардагерлер» паркына отургузулду.

Айыл ичиндеги 970 метр ички арыктарга тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Баетов, Кайыңды-Булак айылдарынын көчөлөрүн жарыктандыруу максатында бардыгы 200 прожектор коюлуп, Баетов айылынын Манас, Мырзалымбеков көчөлөрү асфальтталды. Айылдын айрым ички көчөлөрүнө түтүктөр коюлуп, эскилеринин үстүнө шагыл төгүлүп, түздөө иштери жүргүзүлдү.

Айыл аймактын элин таза экологиялык жашылча-жемиштер менен камсыз кылуу үчүн ЮСАИДдин долбоору аркылуу Аманов Эралы, Жолдошов Жаныбек, Үтүров Жанышбек үйүнө күнөсканаларды куруп, алгачкы түшүмдөрдү алышты.

Балдар ойноочу аянттарды уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 768,6 миң сом акча каражаты бөлүнүп, Баетов айылынын эки жерине жана Кайыңды-Булак айылында балдар ойноочу аянттар уюштурулган.

Айыл аймактын көчөлөрүн жарыктандырууга жергиликтүү бюджеттен 166,4 миң сом бөлүнүп, айылдын четки көчөлөрүнө карагайлар орнотулууда. Жол коопсуздугун сактоо максатында жергиликтүү бюджеттен 131,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, 47 жерге жол белгилер коюлду.

Жергиликтүү бюджеттен 300,5 миң сом акча каражаты бөлүнүп, пескоблок чыгаруучу кичи ишкана уюштурулуп, үч адам жумуш оруну менен камсыз болгон. Айылда түтүк чыгаруучу цех да ачылды.

Баетов айылынын Манас көчөсүндө жайгашкан аймактык оорукананын имаратынын алдында иретсиз токтогон автоунаалардын коопсуздугун сактоо, баш аламандыкты жоюу максатында күн батыш тарабындагы менчик чарбактын орду шагыл төгүлүп даярдалды. Автоунаа токтотуучу бул жай жаз алды менен ишке киргизилет.

Маданият тармагы

2017-жылы Ыйман, адеп жана маданият жылына карата ар бир даталуу күндөрдө иш-чаралар уюштурулду. Былтыр 21-январда биринчи жолу Баетов айыл өкмөтүнүн алдындагы мекемелердеги кенже кызматкерлердин кесиптик күнү деп белгиленип, чоң программадагы концерт тартууланды.

Жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөттүн алдында таланттуу жигиттердин «Мусанын урпактары» фольклордук тобу түзүлүп, сахнада кийүүчү кийимдер менен да камсыз болушту. Алар өнөрлөрүн элге тартуулап, тушоо кесүү концертин да өткөрүүгө жетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×