Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Нарын

Айыл турмушу: Ат-башылык фермерлер герефорд тукумундагы 1 тонналык 900 уй багып жатышат (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында фермерлер багып жаткан асыл тукум уйлар жылдан жылга көбөйүп жатат. Аймактык кабарчы фермерлерден кабар алды.

Алардын айтымында, учурда «Алтын ашык» мал чарбасында герефорд тукумундагы 900 баш уй багылып жатат. Алар Ат-Башынын климатында багууга ыңгайлашкан уйлар болуп саналат. Чоң букалардын салмагы 1 тоннага чейин жетип, 600 килограмм эт берет. Ал эми, 8 айлык торпоктордон 160 килограмм эт алынат.

Мал доктур Урмат Токтор уулунун айтымында, уйларды багуу үчүн быйылкы кышка 100 тонна арпа жана 25 миң боо чөп камдалган.

«Бул тукумдагы уйлардын чарбасына жалпы жумшалган каражаттын 60%ын Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду каржылаган. Учурда чарбада уяң жүндүү койлор да багылып жатат. Алардын санын көбөйтүү аракеттерди көрүлүп, азырынча экспортко чыгаруу пландала элек. Чарбада 15ге жакын жергиликтүү тургун иштейт», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7630
×