Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Тарых инсаны: Ак-талаалык М.Мотушева репрессияга кабылып, 21 жашында жалган жалаа менен 1,5 жыл абакта отурган (фото)

Turmush -  1937-1938-жылдары сталиндик репрессия күч алып, «бөрк ал десе, баш алган» жасоолдордун жалган жалаалары менен кыргыздын бир топ кыйын, тыңчыкма эр-азаматтары ак жеринен атылып, калганы камалып кеткенин тарых ырастады. Ал тургай, ушул кезге чейин бейкүнөө атылган ата-бабаларыбыздын сөөгү кайсы жерге көмүлгөндүгү дагы деле белгисиз бойдон калууда. Жеке эр-азаматтар гана эмес, алардын арасында Ата Журтка ак кызматын өтөп, совет өлкөсүнүн өнүгүшүнө эбегейсиз салымын кошкон аялзаттары дагы бейкүнөө жерден камалганы акырындык менен ачыкка чыгып баштады. Алардын бири — Майрайым Мотушева.

Ал Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө 1917-жылы туулган. Жаштайынан чыйрак өсүп, ата-энесине жардам берип, айылдык мектептен үч жыл окуп кат сабатсыздыгын жойгон. Айылдагы жаштардан айырмаланып 1932-жылы чарбанын ар түрдүү жумуштарында иштеп, комсомолдун алдыңкы активисти болуп, 1934-жылы Ленин комсомолунун катарына өткөн. 1935-1936-жылдары колхоздун бригадирлик жумушуна ишеним берилип, бригадирлик жумушту жогорку деңгээлде аткарып, чарбанын өнүгүшүнө, алдыңкы чарбанын катарына кошулушуна зор эмгек жумшаган.

Өзүнүн жөндөмдүүлүгү, уюштуруучулук сапаттарын көрсөткөндүгү үчүн райондун жетекчилиги Майрайым Мотушеваны райондук аткаруу комитетине кызматка көтөрүп иштеткен. Райаткомдо өзүнүн ишке болгон уюштуруучулук жөндөмүн, бийик адамкерчилик сапаты эске алынып, чоң чарбалардын бири болгон Кара-Бүргөн айылына айылдык кеңештин төрайымдыгына көтөрүлгөн. 1938-жылы Партиянын устав программалары менен тааныш болуп, аялдардын арасынан активист болгондуктан партиянын катарына алынган. Иш десе ишке тойбой, жаңыдан такшалып, эл үчүн кызмат кыла баштаган учурда 1938-жылдын күзүндө күлгүндөй 21 жаш курагында каардуу репрессияга туш болуп, жалган жалаа менен камакка алынган. Абакта 1,5 жыл отуруп, 1939-1940-жылдары акталып чыккан. Бирок абактан катуу ооруга чалдыгып айылга келген.

Майрайым апанын сталиндик репрессияга туш болгону, анын абакта жатканы, эмне болуп камалганы тууралуу иниси Мамбеткадыр Мотушов Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук комитетине, Кыргыз Республикасынын прокуратурасына эгемендүүлүк алган жылы арыз менен кайрылган. Бирок арызы канааттанбай, жеткиликтүү жооп ала алган эмес. М.Мотушев эжесинин өмүр таржымалы, иштеген иштери боюнча улуу муундагы адамдардан, көргөн-билгендерден сурап, иликтөө иштерин жүргүзгөн.

Айылдаштарынын бири И.Чодоновдун эскерүүсүндө: «Ак-Талаа райкомунун биринчи катчысы У.Жыргалбаев жана Коңорчоктун башкармасы Нияз үчөөбүз Бел-Кыргын өрөөнүнө Майрайымга учурашканы барсак төшөктө экен. Саламаттыгын, ал-акыбалын сурап отурдук. Майрайым бизге айрыкча У.Жыргалбаевге ыраазы болду. «Ишим ак экен, акталдым бул ооруга түрмөдөн чалдыктым, жолугамбы жокпу билбейм, сыркоолуунун акыбалын сураганыңарга рахмат» деп сүйүнүп калды», - деп айтылат.

Ошондон көп өтпөй каза болгон. Майрайым Мотушованы акыркы сапарга узатуу боюнча райондон өкүлдөр барып, митинг өткөрүп, маркумду жерге берген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2024
Көп окулду
×