Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 11.01.2018 16:28

Ак-Талаанын Чолок-Кайың айылында кой кыркуучу жай курулууда (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында кой кыркуучу жай курулуп жаткандыгын айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, АРИС уюмунун каржылоосу менен 870 миң сомго курулуп жаткан кой кыркуучу жайы мал камоочу короосу менен чогуу салынууда. Айыл өкмөт башчысынын айтканына караганда, учурда жайыт комитети тарабынан демөөрчү изделип жатат. Бул жерди келечекте өзүнчө комплекс кылуу планы да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×