Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Нарын

Мекендештер: Нарындык Ж.Өмүрзакова Кытайда акысыз билим алууда (фото)

Turmush -  Нарын районунун Дөбөлү айылынын 25 жаштагы тургуну Жайнагүл Өмүрзакова Кытайдын Гуйлинь шаарында билим алууда. Аймактык кабарчы алыстагы студенттен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда 1 жылдык тил үйрөнүү курсунда окуп жатат.

«Мектепти аяктап, Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз-кытай факультетин бүтүрдүм. Ата-энем Бишкекте окуп жүргөндө Кытайга келишимдик акы менен окууга жөнөтүшкөн. Бирок азыр университетте бюджетте окуйм. Азыр бул жакта тилди кайталап окуп жатам. Кытай тили оор, бирок өздөштүрүп алсаң жеңил болуп калат. Буйруса сентябрдан баштап магистратурада окуйм. Кайсы адистикке тапшырарымды тандай элекмин. Бирок Кыргызстанда же Кытайда котормочу болуп иштегенди ойлонуштуруп жатам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле Кытайдагы жашоосу жөнүндө айтып өттү.

«Кыргызстан менен Кытайдын айрымасы абдан чоң. Мен жашаган шаар бөлөк шаарларга караганда кичинекей жана таза. Эли коомдук эрежелерди бекем сактайт. Кандай кыл десе ошону эле кылышат, ашык да, кем да жасабайт. Бул жакка бат эле көндүм. Тамак-ашы деле жакшы. Бирок өзүбүздүн тамактарды сагынат экенсиң. Мен окуган шаардын эли көбүнчө чочконун этин жешет. Биз тооктун же балыктын этин жеп турабыз. Кытайда дунгандар бар. Алар мусулманчылыкка каршы келбеген тамак-аштарды сатат, бирок кымбатыраак.

Ал эми, окууга өтүү бул жакта өтө кыйын. Кытайлар күнү-түнү китепканадан чыкпай окушат. Чет элдиктерге болсо жеңилдиктер бар. Биздикиндей бул жакта акча берип бүтүрүү деген түшүнүк жок. Сынактарга текшерип киргизет.

Бул жактан көп досторду таптым. Өзүм аларга окшош болгон үчүн кытайлар мени чет өлкөлүк деп эсептешпейт. Кытайда аябай так жүрүшөт, биздей болуп жолугууга кечигип келбейт. Алардан ушул сапатты дагы эле үйрөнө албай жүрөм (күлүп). Менин кечигип келеримди алар дагы билип калышкан. Кытай тилин окуганыма 5 жыл болуптур. Ортосунан токтотуп окубай калган жылдарым болду. Тилди таштап койсоң унутуп калат экенсиң, өзгөчө иероглифтерди. Азыр бизде 2 айга эс алуу берилип, ага байланыштуу стипендиямдын акчасын чогултуп билет алып, Кыргызстанга келдим», - деди ал.

Жайнагүл Өмүрзакова 8 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 458
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×