Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Нарындагы хоккей боюнча эл аралык турнирдин баш байгесине Россиянын командасы ээ болду (видео, фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы Ташболот Токтосунов атындагы муз аянтчасында тоо лыжасы боюнча Кыргызстандын чемпиону, СССРдин кичи футбол боюнча спорттун чебери Т.Токтосуновдун кубогуна арналган эл аралык турнирдин баш байгесин Россиянын Челябинск шаарынан келген команда жеңип алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесинин алкагында ɵткɵрүлгөн хоккей боюнча эл аралык турнир эки күнгɵ созулуп, ага катышкан Россия Федерациясынын «Челябинск», Казакстандын «Энбек — Алматы», Кыргызстандын «Ынтымак» жана Нарын шаарынын «Ала-Тоо — Нарын» командалары муз үстүндɵ кызыктуу оюн тартуулашты.

Мелдештин жыйынтыгында «Челябинск» командасы 9 упай менен жеңишке жетишип, турнирдин ɵтмɵ кубогуна, 500 доллар ɵлчɵмүндɵгү баш байгесине жана алтын медалга татыды. Экинчи орунду 6 упай менен Казакстандын «Энбек — Алматы» командасы, үчүнчү орунду 3 упай менен Нарын шаарынын «Ала-Тоо — Нарын» командасы камсыз кылышты. Экинчи орунду багындырган командага 300 доллар ɵлчɵмүндɵгү акчалай сыйлык жана күмүш медалдар, ал эми үчүнчү орунга татыктуу болгон командага 200 доллар ɵлчɵмүндɵгү акчалай сыйлык жана коло медалдар ыйгарылды. Ошондой эле, Ташболот Токтосуновдун байге фондунан ар бир команданын мыкты оюнчуларына 50-100 доллар ɵлчɵмүндɵгү сыйлыктар тапшырылды. Мындан тышкары мыкты оюнчуларга Кыргыз Республикасынын Хоккей федерациясынын, Россия Федерациясынын «Челябинск» командасынын баалуу сыйлыктары жана командаларга Нарын шаардык мэриясы тарабынан ыраазычылык каттар берилди.

Турнирдин жыйынтыктоо аземинде «Челябинск» командасынын капитаны, Челябинск шаардык думанын төрагасы, Россия шаарларынын союзунун президенти Станислав Мошаров жеңишке жетүү оңойго турбагандыгын жана Нарындан келечекте көптү үмүттөндүргөн команда чыгарын белгилеп өттү. Ал ошондой эле кыргыз оюнчуларына ала келген белектерин тапшырды.
Турнирдин уюштуруучусу Нурбек Ташболот уулунун айтымында, аталган мелдеш салт катары жыл сайын ɵткɵрүлүп турат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2168
Көп окулду
×