Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 11.01.2018 08:00 На русском

«Кайнене»: Ат-башылык К.Жумабаева эки келини менен бирге кийимдерди тигип сатышат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 54 жаштагы тургуну Кишимжан Жумабаева көп жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, фестивалдарга чейин катышып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманыбыздын айтымында, келиндери менен жакшы мамиледе болуп, аларды өз кызындай көрөт.

«Мен Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылынын кызымын. 1984-жылы Кызыл-Туу айылынын тургуну, жолдошум Нурадинге турмушка чыккам. Ал 2006-жылы кайтыш болгон. Экөөбүздүн ортобузда 3 уул, 1 кыз бар. Уул-кыздарыбыздын бардыгына жакшы тарбия берип, багып өстүрдүк. Улуу балам айылда күнөскана, экинчи балам муз тебүүчү жайын иштетет, ал эми кичүүсү Бишкек шаарында университетте окуйт. Эки уулум үйлөнүп, менин колумду узартып, келиндүү кылышкан. Кичүү уулумду буюрса үйлөнтөбүз.

Эки келиним менен тең абдан жакшы сырдашам. Экөө тең «апалап» турушат. Мен да аларга сырымды, кеңешимди айтып турам», - деди ал.

Кишимжан апа эки келининин сый-урматына ыраазы экендигин билдирди. Алар менен биргеликте жакында тигүү цехин ачууну да пландап койгон.

«Учурда үйдө электр тогу менен иштеген бут машина менен ар кандай стилдеги чыптама, кийимдерди тигип сатып жатабыз. Мурун ишти баштоодо өзүм эле чечим чыгарып жүргөн болсом, азыр келиндерим менен кеңешип туруп баштайм. Ал эми колумдагы экинчи келиним менин оң колум. Учурда кичинекей баласы бар. Ага карабай баласын уктатып коюп, жардам берип турат. Келиндерим катачылык кетирип коюшса жөн гана айтып коем. Кээ бир келиндер сынды туура кабыл алышпаганын көрүп калам. Кудайга шүгүр, балдарыма жакшы жубай, мага жакшы келиндер келиптир. Бардык кеп-кеңештеримди түшүнүү менен кабыл алышат.

Буюрса, келиндерим менен бирге жаздын башталышы менен кийим тигүүчү цех ачайын деп пландап жатам. Балдарым дагы колдоо көрсөтөбүз деп турушат», - деди ал.

Кишимжан апа буга чейин шырдак, кийиз жасап, Бишкек, Чолпон-Атага чейин барып, көргөзмөлөргө катышып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×