Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Н.Искандаров Ливиядагы дүйнөлүк куран окуу жарышында 4-орунду ээлеп келген (фото)

Turmush -  Куран окуу жарышында Кыргызстан боюнча 3 жолу биринчи орунду алган Насрулло Искандаров Ливия мамлекетинде өткөн дүйнөлүк куран окуу жарышында 4-орунду ээлеп келген. Насрулло Искандаров 1990-жылы Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жарык дүйнөгө келген. Учурда Нарын шаарындагы медреселердин биринде сабак берип, эмгектенип келүүдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Насрулло Искандаровдун билдиргенине караганда, 6 жашынан баштап өзү жашаган Жаңы-Жер айылындагы Фазыл карынын медресесинде куран окуганды үйрөнүп баштаган. 12 жашында куранды толук жаттап бүткөн.

«Куран Алланын сөзү. Куранды үйрөнгөнгө жана аны башкаларга үйрөткөнгө мүмкүнчүлүк берген жаратканыма миңдеген шүгүрлөр болсун. Менин бул чыйырымдын башында албетте, устатым Фазыл кары турат. 6 жашымдан баштап куран жаттатып, эбегейсиз эмгек жумшады. Куранды ошол устаттын колунан жаттадым. Устатыма сый-урматым чексиз. Аллахым да ал кишиден ыраазы болсун», - деди ал.

Насрулло Искандаров кийин куранды толук жаттап бүтүргөн соң, Аламүдүн районунун Арашан айылындагы Абдулла бин Аббас атындагы куран жаттатуу борборунда окуп, жаттаган куранын дагы бекемдеген. Ал жакта 2 жыл окуп, колуна күбөлүгүн алгандан кийин, Кара-Балта шаарындагы «Куран нуру» ислам институтунда 4 жыл окуп, 2012-жылы окууну аяктап, диплом алган.

«Куран жарышына тандоо жүрүп жаткан. Куранды жакшы окугандарды тандап отурган муфтияттын өкүлү Замир Ракиев менин куран окуганымды жактырган окшойт, акыры дүйнөлүк куран жарышына тандап алды дагы «келечекте эмне кылайын деген оюң бар?» деп, максатымды сурады. «Билимимди дагы тереңдетсемби» деген оюмду айттым. Ошондо Замир кары «Нарында бир да курандан жеткиликтүү сабак бере алчу кары жок, ошол жакка барып, куран үйрөтсөң жакшы болмок. Баары эле жылуусуна, ыңгайлуулугуна карап Бишкекте иштегиси келет. Ал эми Нарын сыяктуу суук жерлерге, диний билим муктаж болгон аймактарга ким барат? Ал жерлердин эли, жаштары куран үйрөнбөй, куран акыйкаттарын түшүнбөй кала берсинби?» деди. Бул сөздөр жүрөгүмө октой сайылып, намыстана түштүм. Себеби менде дагы билимимди Бишкектен эле тереңдетсемби деген ойлор бар болчу. Жүрөгүм менен кеңешсем «Бишкек менен Нарындын эмне айырмасы бар? Кайсы жакта ыйманга кызмат көбүрөөк талап болсо, ошол жакка бар. Бишкекте ансыз деле куран билген мугалимдер көп» деп шыбырагансыйт. Ошентип, «эмнеге Нарынга барып, куран үйрөтүүгө болбосун? Ал жактагы окуучуларга куранды биз үйрөтпөгөндө ким үйрөтөт эле?» деген ойлор мээмди чырмап алды. Акыры «ал жак дагы өз мекенибиз, өзүбүздүн элибиз жашаган аймак. Алган илимимдин акысын берейин» деп, Нарынга барууга бел байладым. Нарында бир жылга чукул сабак берип жүрүп, Алла Таала буюруп, Египет Араб Республикасына окууга жөнөп калдым», - деди ал.

Искандаров Насрулло Египет Араб Республикасынын борбору Каир шаарындагы миң жылдык тарыхы бар, тагыраак айтканда 988-жылы түзүлгөн Аль-Азхар ислам университетинин алдындагы шарият сабактарынан билим берүүчү жана университетке даярдоочу институтта 4 жыл билим алган. Ошону менен катар эле Куран жаттатуу жана ижаза берүү борборлорунан билим алып, куран окуунун 5 кыраатын үйрөнгөн. Тактап айтканда, куран жалпы 10 кыраат менен окулса, Насрулло кары 5 кыраатта окуй алат. Ал куран жаттатуу жана окутуу борборундагы куран илими боюнча адис, Аль-Муршид деген ысым менен таанымал Абу Абдулло Мухаммад бин Мухаммад бин Ахмаддан билим алган.

«Абу Абдулло Мухаммад Мухаммед пайгамбарыбызга 29-болуп байланган жана ушул чынжырдай уланган мугалимдерден куран окуга уруксаты бар куран мугалими. Мындайча айтканда бул пайгамбарыбыз куранды сахабаларга, сахабалар белгилүү табииндерге, алар дагы башкаларга үйрөтүп, эң мыкты, толук эрежелери менен окугандарга уруксат берип отуруп, ортодон эч үзүлбөй 29-чынжырга 29-кишиге өттү деген маанини берет», - деди ал.

Ошол пайгамбарыбыз башында турган 29 мугалимден бери үзүлбөй уланып келе жаткан куран кыраатын Искандаров Насрулло 29-мугалим Абу Абдулло Мухаммад устаттан үйрөнүп, өзү 30-уруксаты бар мугалим болгон.

Насрулло Искандаров 2017-жылы Египеттен институтту бүтүрүп келип, учурда Нарын медресесинин Куран жаттоо бөлүмүндө 20 студентке куран жаттатып, билим берүүдө. Чүйдүн жылуу абасында чоңойгон жигит Нарындын суук шарттарына моюн бербей, эмгек кылып жаткан учуру.

«Мага Нарындын суугу сезилген деле жок. Демөөрчү агалар медресени толугу менен жаңы куруп, бардык шарттарды түзүп берген, Аллах алардан ыраазы болсун. Эң негизгиси Нарындын кышы суук болгону менен элинин көңүлү, мамилеси жылуу. Баарынан дагы, биз окутуп жаткан жигиттер эртең элибизге кайрымдуу чыгып, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө руханий багыттан салым кошуп, ата-бабаларыбыздын жолун жолдоп, кыргыздын менталитетине төп келген түшүнүк менен элибизге кызмат кылса – ошондо биз максатыбызга жеткен болобуз», - деди Н.Искандаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 478
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×