Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Чаек — Кочкор унаа жолуна түнү менен кум төгүлүп, тапталды (видео)

Turmush -  Кечээ, 9-январда Чаек — Кочкор унаа жолуна түнү менен кум төгүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү айдоочулар билдиришти.

Маалым болгондой, Нарын облусунун Жумгал районунун эли менен бүгүн, 10-январда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жолугушмак.

Айдоочу Марат Жаныбеков унаа жолун президент келгенге чейин эле жол тейлөө кызматкерлери жасап турушса жакшы болорун айтты. Ал эми Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекемесинин жетекчилиги эртең менен башталган жол жасоо иши түнгө чейин уланганын билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2893
Көп окулду
×