Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Элдик уламыш: Ат-Башыдагы Кызыл-Туу айылы мамлекеттик туунун атынан аталган (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунда Кызыл-Туу деп аталган айыл жайгашкан. Айылда 421 түтүн отурукташкан, жалпы аянты — 146 га.

1933-жылы Кара-Коюң айылдык кеңеши уюшулган. Ал кеңешке Жаңы-Күч, Казыбек, Кызыл-Туу, Кара-Булуң айылдары кирген.

«Мен төрөлгөн айылдын уламышын чоң атамдан жана айылдык аксакалдардан уккам. Аталарыбыздын айтымында, аталган айыл Улуу жибек жолунун жээгинде жайгашып, Кытай менен чектешкендиктен, мамлекеттик туубуздун атынан Кызыл-Туу айылы деп аталып, 1934-жылы эл отурукташа баштаган экен. Азыркы күнгө чейин Кызыл-Туу айылы деп аталып, Кара-Булуң айылы экөө Кара-Коюң айыл өкмөтүнө карайт», - деди 54 жаштагы Мырзабек Айдаралиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2605
Көп окулду
×