Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 08.01.2018 16:56 На русском

Айыл турмушу: 34 жаштагы суусамырлык баатыр эне К.Кожоналиева бүгүн онунчу баласын төрөдү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айылынын 34 жаштагы тургуну Кундуз Кожоналиева бүгүн, 8-январда онунчу баласын төрөдү. Бул тууралуу анын жакындары Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.

Алардын айтымында, Кундуз Кожоналиева 2002-жылы турмушка чыккан. Жолдошу экөө буга чейин 9 баланы тарбиялап жатышкан.

«Турмушка чыкканыма быйыл 16 жыл болду. Жолдошум экөөбүз 9 баланы тарбиялап, бактылуу өмүр сүрүп келе жатабыз. 2002-жылы жолдошум мени ала качып кетип, отурбай үйгө келе бергем. Бирок апам «бир элбиз, бир жербиз» деп, кайра алып барып отургузуп койгон. Ошентип 2003-жылы бир кыздуу, 2004-жылы дагы эгиз кыздуу болдук. Быйыл алар 7-класста окуп жатышат. Андан кийин 2005-жылы, 2008-жылы жана 2009-жылы төрөлгөн үч кызым, 2012-жылы төрөлгөн уулум, ошондой эле 3 жаштагы кызым жана эки жаштагы уулум бар. Бүгүн дагы кыздуу болдук», - деди Кундуз Кожоналиева.

Ал учурда оор турмушта күн кечирип жаткандыгын баса белгиледи.

«Айылда жумуш жоктугуна байланыштуу жолдошум бош отурат. Учурда 6 балам мектепте билим алышат. Жашоо шартыбыз начар. 2005-жылы үй куруп баштаганбыз. Бирок шартка байланыштуу эки бөлмөсү эле бүтүп, ошол жерде 9 балам менен жашачумун. Үйдө жашаганга шарт жок. Полу жок, шыбы да урап, түшөйүн деп калган», - деди ал.

Кундуз Кожоналиева 1983-жылы Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айылында төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×