Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 08.01.2018 11:38

Көмүр ташуучулар көмүрдүн баасын аныктоо талабы менен Кочкорго чогулушту (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда 6-январь күнү көмүр ташуучулар жыйынга чогулуп, жергиликтүү бийлик менен өкмөткө бир катар талаптарды коюшту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, жыйын райадминистрациясынын имаратында өтүп, ага дубан башчы А.Кайыпов баштаган район акимдери жана көмүр өндүрүүчүлөрдүн жетекчилери катышты. Жыйында көмүр ташуучулар Кара-Кечеде көмүргө кезекке туруп, кышкысын талаада түнөп калып жатышкандыктарын айтышты. Андан сырткары Кара-Кечеден ЖЭБге тендер менен көмүр жүктөөдө акылары акталбай жаткандыктан көмүрдү 1100 сомго тартуу өтүнүчүн билдиришти. Ошону менен бирге унаа жолдордун оңдолбой жатышы, кендеги кезек күтүүнүн абалы жана тартип тууралуу бир катар маселени коюшту.

Ал эми дубан башчы Аманбай Кайыпов көмүрдүн баасы акталбайт дегенге кошулбай тургандыгын белгиледи.

«Элге сатканда жакшы эле пайда көрүп жатасыздар. Көмүр ишканасын мындан 4 жыл мурда тартипке келтирип, тараза коюлган. Ошонун негизинде көмүрдү казуу арбыганын билесиздер. Көмүрдүн баасын Монополияга каршы агенттик бекитип берет. Учурда бул баа туура жана так коюлган. Ошону менен бирге тендерден утуп алган фирма менен ЖЭБге тартардан мурда келишим түзүп иштешүүгө баргыла», - деди Кайыпов.

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Надырбек Бекжанов кезек күтпөө үчүн кенге кирүүчү жерге жана көмүр тартып чыгуучу жерлерге кошумча таразаларды коюуга убада берди.

«Европа шериктештигине киргендиктен казак тарапта да ЖЭБге көмүр 2800 сомдон болуп жатат. Ага ылайык кыргыз тарап көмүрдүн баасын арзандатуу керектигин билдирди. Мамлекеттик сатып алуу порталында тендер боюнча жарыя берилген, ага катышыңыздар. Мурда өкмөт жергиликтүү көмүрдү сатып алгыла деп токтом чыгарчу. Эми Европа шериктештикке киргенге байланыштуу тендерге башка мамлекеттердин фирмалары да катыша алат. Ошондуктан быйылкы жылы тендерге катышууга аракет кылгыла», - деди Н.Бекжанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×