Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Нарын

Видео - Нарындыктар III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктарды башташты (салбурундан фоторепортаж)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында 2018-жылы өтө турган III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык катары салбурун өткөрүлдү. Кечээ, 7-январдагы оюнга аймактык кабарчы да күбө болду.

Салбурун «Теңир-Тоо салбурунчулары» тарабынан уюштурулганын уюмдун өкүлү Муратбек Өмүралиев билдирди.

«III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп жатабыз. Бүгүн салбурундун 6 түрү боюнча оюндарды өткөрдүк. Алардын ичинен бүркүт салуу, тайгандарга тийиштүү оюндарды жана жаа атуу боюнча оюндар болду. Жалпысынан облус боюнча 25 тайган, куш, бүркүт жана ителги кармаган мүнүшкөрлөр келишти. Салбурун оюндарынын жеңүүчүлөрүнө диплом, ардак грамота жана ыраазычылык каттар берилди», - деди М.Өмүралиев.

Ошондой эле, мындай оюндар ушул жылдын жаз айларында дагы өткөрүлө турганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1599
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
notingem
12:06, 08 января 2018
Это видимо подготовка только по разделу "Салбурун". Это виды охоты кочевников с использованием приученных соколов, беркутов, и других хищных птиц. А так же с использованием охотничих собак - Кыргызских Тайганов!
Нет аватара
polit-bomond
11:59, 08 января 2018
Азаматсынар Нарындыктар! Ал бетте жакшылап даярданыш керек! Кочмондор оюнунда коп конок келет. Аларды жакшылап тосуп алып, Кыргыздын оюндарынын каада салттарын жакшылап даназалап корсотуш керек))
Негизи, ушул Кочмондор оюну Кыргызстанда отушуно экс-президент Атамбаевдин абдан чон салымы бар! Ошого рахмат экс-президентке!
Нет аватара
Riki77
09:43, 08 января 2018
Кыргыздын рухун бийик которгон "Кочмондор оюундарынын" келечеги алдыда экенине эч кандай шек жок.
Нет аватара
murmadinna
09:41, 08 января 2018
Жакшы кылып атыпсынар Нарындыктар! Ушунунардан жазбай даярдана бергиле! улуу Кочмондор оюндарынан байге алуу бул сыймык! Кочмондор оюнун ким уюштуруп ойлоп кетсе да ошол киши чыныгы кыргыздын азаматы экен!
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×