Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Нарын

Ак-Талаада уруксаты жок жүргөн 7 дааватчы кармалды (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында тиешелүү документтери жок дааватка чыккан 7 адам кармалды.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунун тургундары эскертүүгө карабастан дааватка чыгышкан.

Алар Ак-Талаа райондук сотунун 2018-жылдын 6-январындагы чечими менен Административдик кодекстин 371-беренесине (Ички иштер органдарынын кызматкеринин жана коомдук тартипти сактоо боюнча милдетин аткарып жаткан башка адамдардын мыйзамдуу буйругуна же талабына моюн сунбоо) ылайык 3 суткага камакка алынды. Ошондой эле, алардан алынган китепчелер диний экстремизм жана терроризмге тиешеси бар же жок экенин аныктоо үчүн теологиялык экспертизага жөнөтүлдү.

371-берене

Ички иштер органдарынын кызматкеринин жана коомдук тартипти сактоо боюнча милдетин аткарып жаткан башка адамдардын мыйзамдуу буйругуна же талабына моюн сунбоо — эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга, эгерде иштин жагдайына байланыштуу тартип бузган адамдын ким экендигин эске алуу менен мындай чараларды колдонуу жетишсиз деп табылса, беш суткага чейин администрациялык камакка алынат.

Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ушул эле аракет өзгөчө абал жарыяланган жерде жасалса — эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же жети суткага чейин администрациялык камакка алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1997
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×