Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Нарын облусуКочкор району 07.01.2018 13:02

Балыкчылык үй-бүлө жол кырсыкка кабылып, 2 аял киши жандандыруу бөлүмүнө түштү

Turmush -  Бүгүн, 7-январга караган түнү Кочкор районундагы жол-транспорт кырсыктан 4 адам жаракат алды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык саат 00:30 чамасында Балыкчы—Кочкор жолунун тилкесинде болгон. Жабыр тарткан адамдар райондук ооруканага жеткирилди. Алар:

- 1959-жылы туулган М.С., Балыкчы шаарынын тургуну (оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат);

- 1987-жылы туулган А.Ж., Балыкчы шаарынын тургуну (оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат);

- 1987-жылы туулган К.Э., Балыкчы шаарынын тургуну (жеңил жаракат алган);

- 2015-жылы туулган К.У., Балыкчы шаарынын тургуну (денеси сыйрылып, тытылган);

- 2012-жылы туулган К.Б., Балыкчы шаарынын тургуну, жаракат алган эмес.

Учурда жол кырсык фактысы боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×