Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 05.01.2018 15:17

Жумгалдык жаштар чечилбей жаткан жергиликтүү маселелерди кайрадан көтөрүп чыгышты (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын жаштары ушул күнгө чейин чечилбей келген жергиликтүү маселелер боюнча жыйын уюштурушту. Бул тууралуу жаштар уюмунун төрагасы Марат Кубанычбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда райондун аймагында жана Чаек айылында чечилбей келе жаткан маселелер көп.

Жыйынга район акими А.Сапаров, биринчи орун басары Б.Женалиев, райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы, Чаек айылдык кеңешинин төрагасы жана айылдын жаштары катышты. Анда Чаек айылындагы курулушу бүтпөй жаткан спорт сарайы, 2 жерге футбол талаасын ачуу, жаштардын жумушсуздугу, райондук жаштар үйүнө жер маселесин чечүү, жол жана Чаектеги Май-Кокту таштанды төгүлүүчү жайын башка жерге жылдыруу көйгөйлөрүн чечүүнү айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×