Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 05.01.2018 11:15

Ат-Башынын 9 жаштагы тургуну Нурмухаммед өлкө башчысынан уюлдук телефон алды (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын 9 жаштагы тургуну Нурмухаммед Дүйшөнбек уулу президент Сооронбай Жээнбековдон жаңы жылдык белек алды. Бул тууралуу анын апасы Жылдыз Жумакадырова билдирди.

Маалым болгондой, Нурмухаммед С.Жээнбековду президент болушу менен куттуктап, жаңы жылда шайтан араба жана телефон алып берүүсүн суранган. Катты апасы Жылдыз Жумакадырова Нарын шаарынан почта аркылуу 14-декабрда президенттин администрациясына жөнөтүп жиберген. Өлкө башчы Нурмухаммеддин суранычын орундатып, таттуулар менен бирге телефон берген. Бул белекти өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×