Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 03.01.2018 13:32

Жумгалдын Чаек айылында хоккей аянтчасы ачылат (фото)

Turmush -  Учурда Жумгал районунун Чаек айылындагы 2 метрге жетпеген саз көл — Шортондун тоңушу менен жергиликтүү жаштар, хоккей сүйүүчүлөр аны хоккей ойной турган аянтка айландырышты.

Жаш активист Каныбек Өмүрбековдун айтымында, 2 күндөн кийин Шортон көлүнө хоккей аянтчасы ачылат. Ошондой эле жылына өтө турган хоккей мелдешин дал ушул Шортондо өткөрүү, муз доорун чагылдыруу менен хоккей сүйүүчүлөрүн, сырттан келген меймандарды кызыктыруу максатында муздан ар кандай имараттар тургузулат.

Жумгал районунун Чаек айылында кышында эки метрге чейин тоңгон Шортон көлү кыргыз хоккейинин жаралышына себеп болгон. Мурда сыналгыдан гана көргөн чаектик спорт сүйүүчүлөрү колунда бар шайманын алып, табигый муз аянтчасында хоккей ойноп башташкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×