Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Жумгалдагы мектепте балаты майрамын өткөрүүгө тыюу салынды (фото)

Turmush -  Жумгал районунда бала бакчаларда жаңы жылдык балаты майрамы өтүп, алардын арасынан мыкты уюштургандары аныкталды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, Чаек айылындагы Шабданбек уулу Алтынбек атындагы бала бакчасы балдарды жомок дүйнөсүнө аралаштырып, аларды жомок аткаруу жөндөмүн үйрөтүшкөн. Ошону менен бирге ата-энелери арасында жарыштарды уюштуруп, сынактарды өткөрүшкөн. Ошондой эле, башка айылдарда дагы жаңы жылдык балаты майрамдары тынч жана ызы-чуусуз, кырсыгы жок өткөн.

Ал эми Байзак айылындагы А.Молдокеев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучулары арасында жаңы жылдык балаты майрамын өткөрүү боюнча чүчүкулак кармоодо чыр чыккандыктан мектеп жетекчилиги майрам өткөрүүгө тыюу салган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1750
Көп окулду
×