Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Нарын

Ак-Талаа райондук «Айыл турмушу» коомдук-саясий гезити алгачкы жолу латын тилинде жарык көргөн

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук «Айыл турмушу» коомдук-саясий гезити 77 жылдан бери райондогу жаңылыктарды, маалыматтарды Ак-Талаа элине жеткирип келе жатат. Райондук гезиттин ишмердүүлүгү тууралуу редактор Өмүрбек Дөлөев айтып берди.

Гезиттин тарыхы

Кыргыз Автономиялуу облусунун партиялык уюму «Райондук жана колхоздук басма сөз жөнүндө» чечим кабыл алып, 1932-жылы райондордо басма сөз органдарын түзүү каралган. 1938-жылы 28-ноябрда Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитети Ак-Талаа районуна гезит ачуу боюнча токтом кабыл алат. Бирок даярдыктын, техникалык базанын начардыгынан гезит дароо жарыкка чыккан эмес. Алгач басмакана курулган.

1940-жылдын 8-мартында алгачкы жолу «Колхозчу» аталышы менен Ишенаалы Разакуловдун аракети астында жарык көрүп, 1942-жылдын 16-январына чейин латын тамгасы менен чыгып келген. Андан соң гана орус ариби колдонула баштаган.

Гезиттин алгачкы кабарчылары болуп белгилүү жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев, акын Абдыкалык Чоробаев иштеген. Жаңы чыккандан тарта гезиттин нускасы 500-750 болсо, кийин 4500гө чейин жеткен.

1940-1952-жылдары «Колхозчу», 1952-1962-жылдары «Лениндик жол», 1963-1988-жылдары «Колхоз эмгеги» деп аталып келсе, 1988-жылдан тарта ушул кезге чейин «Айыл турмушу» деген аталыш менен чыгып келүүдө.

«Айыл турмушу» гезити 1992-жылга чейин жумасына 3 жолудан, 1994-жылдан бери айына 2 жолу, 2000-2016-жылдар аралыгында эки саны биригип, айына бир жолу чыгып келген. 2016-жылдан тарта айына 2 жолу, 8 беттүү жана түстүү болуп чыгарылып келет.

1990-жылдан 2016-жылга чейин гезитке мамлекеттен көңүл бурулбай калган эле. 2016-жылдын 1-февраль айынан баштап редакцияда 8 штаттык бирдик ачылып, толук кандуу бюджетке киргизилген.

Гезитке эмгек жамааттын ишмердүүлүгү, райондун коомдук-социалдык, маданий турмушу, ошондой эле республикадагы жана чет өлкөлөрдөгү маанилүү окуялар чагылдырылып келет.

Гезит түзүлгөн 77 жылдан бери 13 редактор жетектеп келген. Алар — Жүзбаев, Майлиев, Ыскак Мааназаров, Жумагул Карагулов, Турду Жыргалбеков, Азимжан Асаналиев, Жума Молдосенов, Назар Муслимов, Кемел Жапаров, Сапарбек Рыспаев. 1980-1999-жылдары Турусбек Жабдасынов редактор болсо, 18 жылдан бери (1999-жылдан бери) Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, жазуучу Өмүрбек Дөлөев редактор болуп иштеп келет.

Гезиттин жетишкендиктери жана сыйлыктар

- Гезит Түркстан округунун 1 жолку, республиканын тарых жана маданий эстеликтерин коргоо коомунун 2 жолку, Кыргыз журналисттер союзунун сынагынын 4 жолку сыйлыгын жеңип алган;

- 2007-жылы Нарын облустук мамлекеттик администрациянын «Алтын калем» чыгармачылык сынагын жеңип чыккан;

- 2016-жылы Тарых жана маданият жылынын иш-чараларын басма сөздө мыкты чагылдыргандыгы үчүн республикалык гезиттер арасында 2-орунду камсыздап, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин дипломун жана 30 миң сом сыйлыгын алган;

- 2017-жылы Маалымат жана басма сөз күнүнө карата райондук гезиттердин арасынан 1-орунду камсыздоо менен 50 миң сом жана статуэткага ээ болду.

Учурда Ак-Талаа райондук коомдук-саясий «Айыл турмушу» гезитинде 8 адам эмгектенет.

Алар — башкы редактор Өмүрбек Дөлөев, бухгалтер Гүлнара Насырынбекова, кабарчылар Махабат Маматкулова, Шахназар Жанболотов, Бүбүайым Ногоева, Каныкей Иманкулова жана техникалык кызматкер Жүзүмкан Акымбекова жана Надырбек Сулпуев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3944
Көп окулду
×