Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Мыйзамсыз аңчылык: Ак-Талаада 4 атчан менен чогуу милициянын отставкадагы кызматкери кармалды (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Турук участкасына жүргүзүлгөн рейд учурунда мыйзамсыз аңчылыкка бара жатышкан 5 атчан киши кармалды, алардын арасында милициянын отставкадагы кызматкери дагы бар. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан 2017-жылдын 11-декабрындагы №83 буйругунун негизинде түзүлгөн атайын ыкчам топ 2017-жылдын 20-декабрында Ак-Талаа районунун Турук участкасына атайын рейд жүргүзүү максатында барышкан. Рейд учурунда ошол эле участкадан 5 атчан киши 5 ок атуучу курал көтөрүп жүргөндүгүн билишкен.

«Кызматкерлер алардын аркасынан барган учурда 5 атчан киши «Беш-Сары» көмүр кенине тиешелүү базада болушкан. Ал жерден уруксат кагаздары жок 2 ок атуучу курал табылган. Тиешелүү протокол түзүп жатканда милициянын отставкадагы кызматкери М.Н. жана Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Ж.А. кызматкерлерге каршылык көрсөтүшүп, М.Н.ге тиешелүү ок атуучу куралды катып алышып, коркутуп-үркүтүүгө барышкан», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Учурда бул окуя боюнча топтолгон материалдар Ак-Талаа РИИБге өткөрүлүп берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3685
Көп окулду
×