Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 25.12.2017 13:46 На русском

Чырдан чыккан өлүм: Өз өмүрүнө кол салган 29 жаштагы Айбектин артында эки кызы калды (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын 29 жаштагы тургуну Айбек Сейитказиевдин өз өмүрүнө кол салышына милиция кызматкерлеринин ур-токмогу себеп болгон. Бул тууралуу маркумдун жакындары аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын айтымына караганда, окуя 19-декабрь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Чаек айылындагы кафелердин биринде болгон чырдан улам келип чыккан.

«Ал ошол күнү эки таанышы менен кафеде тамактанып отурган. Ошол учурда кафенин бир кызматкери анын аялына чалып, «күйөөң бул жакта кыздар менен майрамдап отурат» деген. Андан кийин телефон аркылуу колуктусу менен сүйлөшкөн Айбек жини менен жалган айткан кафенин кызматкерин урушуп кирген. Ортодон чыр чыккан. Аңгыча Жумгал РИИБдин эки кызматкери жана бир бейтааныш адам келип, Айбекти жулкулдатып өздөрү менен чогуу алып чыгып кетишкен. Бул окуя толугу менен кафенин видеокамерасына тартылып калган», - деп билдиришти жакындары.

Жумгал РИИБдин убактылуу кармоочу жайында камалган Айбекти эртеси атасы 3 миң сом төлөп чыгарып кетет.

«Айбек өзү жоош, кудуң-мудуңу жок бала эле. Аны жерге 22-декабрь күнү бердик. Милициялардын бул кылганы туура эмес. Бала кызуу болсо да, аны соолуккуча камап коет. Айбекти тескерисинче кафеден бери сабап, көрбөгөндү көрсөтүшкөн. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган, денесинде көк ала тактар бар, башка-көзгө койгулашкан. Бул милициялар сөзсүз жазаларын алышы керек. Оорукананын дарыгерлери да карабай коюшкан. "Мен элден чыгып калган турбаймынбы" деп сарайга кирип, асынып алыптыр», - деп кошумчалашты жакындары.

Ал эми бул окуя боюнча Жумгал РИИБдин тергөө тобу Айбек каза болгон күнү Кочкор, Жумгал аралык соттук-медициналык экспертиза дайындалганын, учурда иш тергелип жатканын айтышты. Ошондой эле, Жумгал районунун прокурору бул иш анын көзөмөлүндө экенин, адам өлүмүнө күнөөлүүлөр сөзсүз жаза ала турганын кабарлады.

Айдоочу болуп иштеген Айбектин артында 2 кызы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×