Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Нарында кесиптик окуу жайлардын спартакиадасы өттү (фото)

Turmush -  Нарын шаарында Ыйман, адеп жана маданият жылына карата кесиптик-техникалык окуу жайларынын студенттеринин арасында аскерге чейинки даярдык боюнча облустук спартакиада өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучу Назар Абиков билдирди.

Анын айтымында, спартакиаданын максаты жаштарды спортко кызыктыруу жана аскерге чейинки даярдыгын чыңдоо болуп саналат. Мелдешке Ат-Башы районундагы №40, Кочкор районундагы №15, Нарын районундагы №86, Нарын шаарындагы №87 жана Жумгал районундагы №26 кесиптик окуу жайларынан 5 курама команда катышты. Спартакиаданын жүрүшүндө алар 100, 1000 метр аралыкка чуркоо, граната ыргытуу, гирья көтөрүү, автомат чачып, аны кайра жыйноо тапшырмаларын аткарышты.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду №87, 2-орунду №26 жана 3-орунду №15 кесиптик окуу жайынын курама командалары ээлешти. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипломдор, грамота жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 301
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×