Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 11.10.2017 10:28

Чаектиктер борбордук жолдун сапатсыз курулушуна нааразы (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын борбордук жолун асфальттап жаткан ишкана бир катар кемчиликтерди кетирип жатканына жергиликтүү тургундар нааразы болууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл аксакалы Сулайман Эсенгелдиев билдирди.

Анын айтымында, жолдун четиндеги бордюрлар алмаштырылбай, тескерисинче талкаланган бойдон калып, асфальттоо иштери жүрүп келет.

«Бул жолчулар жолду кандай кылып оңдоп жатышат, эч ким түшүнбөйт. Алгач жолдун бир капталын асфальттап, андан соң бир жагын асфальттайт. Булар барын түз кылып асфальттайбыз дешет. Бул туура эмес, себеби жамгырдын суусу бир капталга агып кетпей, асфальттын үстүндө калып, жолду жеп кетет. Адистер каякты карап турушат? Эки айдан бери кичинекей жолду бүтө албай коюшту. Асфальтты Кочкордон алып келишет экен. Кочкордон бери келгиче муздап калат. Сапаттуу жол качан курулат? Бул жол деле 2 жылга жетпей тамтыгы чыгат окшойт. Күн да суук болуп кетти», - деди С.Эсенгелдиев.

Ал эми, №24 жол тейлөө мекемесинин башчысы Зарылбек Моңошов жол долбоордун негизинде курулуп, бирок аба ырайына байланыштуу жолду бүткөрүү иши кечеңдеп жатканын айтып, элди сабырдуулукка чакырды. Жол жээктеги бордюрлар жаңы экенин, анын айрым сынган жерлери калыбына келтириле турганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×