Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Ак-талаалык Рамазан математика боюнча өткөн республикалык олимпиадада 3-орунду ээледи

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Б.Календеров атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу Рамазан Темирлан уулу окуучулар арасында математика сабагы боюнча өткөрүлгөн республикалык олимпиадада 3-орунду ээледи. Бул тууралуу мектеп директору Гүлнара Кенеева билдирди.

WhatsApp Image 2017-10-10 at 17.25.50

Маалым болгондой, Рамазан математика сабагы боюнча өткөрүлгөн республикалык олимпиаданын биринчи жана экинчи этабында жеңүүчү болуп, жыйынтыктоочу этабында 3-4-класстар арасында 3-орунду ээлеп, үчүнчү даражадагы диплом менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 411
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×