Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Англисче эркин сүйлөгөн илимдин кандидаты Р.Таштанов Бишкектен айылга көчүп, ар бир үйгө таза суу чыгарды (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Туу жана Кара-Булуң айылдарындагы жашоочулар таза суу менен камсыз болушту. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосу менен Кызыл-Туу айылындагы таза суу түтүктөрү жаңыга алмаштырылды. Долбоорго жалпы 4 млн сомго жакын акча каражат сарпталса, анын 2 млн сомун айыл өкмөт каржылаган. Муну менен аталган айылдын тургундары таза суу менен 100 пайызга камсыз болушту.

«Айыл өкмөт техника аркылуу жардам берип жана бензин менен камсыз кылды. Ал эми, тургундар түтүктөрдү өздөрү сатып алышты. Ошондой эле, Кара-Булуң айылына араб инвесторлорунун жана жергиликтүү тургундун жардамы менен суу түтүктөр сатылып алынып, АРИС уюмунун колдоосунда башкы суу топтомунда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Оңдоо иштери жакынкы мезгилде жыйынтыкталары күтүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган айылдардын тургундары менен жолукту. Өз кезегинде тургундар мындай долбоорлордун маанилүүлүгүн белгилешти. Алар таза суу түтүктөрү тартылгандан кийин балдар арасында жугуштуу оорулардын азайганын билдиришти.

Буга чейин аталган айылдардын тургундары сууну дарыялардан алып пайдаланып келишкен. Айылдарда таза суу чыгуучу чорголор болгону менен тургундар суу алуу үчүн бир нече саат кезекке турушчу. Учурда ал абал түп тамырынан өзгөрдү.

Ушундай алгылыктуу иштер жүрүп жаткан Кара-Моюн айыл өкмөтүн учурда Рустам Таштанов жетектейт. Ал бул кызматка 2011-жылы келип, айылдаштары 3-жолу шайлашты.

Англис тилин эркин сүйлөп, физика-математика илимдеринин кандидаты болгон Р.Таштанов Бишкек шаарынан алыскы айылга айылдаштарынын жашоосун жакшыртуу максатында келген. Учурда бул максаты четинен ишке ашып, ар бир үйгө таза суу чыгарылып, шарттар түзүлүп жатат. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1679
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×