Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Нарын

Ак-Талаада футболчу Даниярдын жаркын элесине арналган спорттук мелдеш уюштурулду (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылында футболчу Данияр Айтбай уулунун жаркын элесине арналган  кичи футбол жана аркан тартыш боюнча мелдеш өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 7-октябрда өткөн спорттук мелдешти анын 1988-жылы туулган достору уюштурушту. Мелдештин жалпы байге фондусу 25 миң сомду түздү.

Кичи футболго жалпы 12 команда катышып, анын жыйынтыгында 1-орунду 1998-жылы туулган жигиттер камсыздап, кубокту жеңип алышса, 2-орунду 1994-жылы туулган жигиттер, ал эми 3-орунду 1988-жылы туулган жигиттер камсыздашты.

Андан сырткары, «Мыкты оюнчу» наамы Айбек Кадыркуловго, «Мыкты дарбазачы» наамы Айбек Жокеновго, «Мыкты команда» наамы 1986-жылы туулган жигиттерге, «Мыкты коргоочу» наамы Урмат Билимбек уулуна жана «Мыкты чабуулчу» наамы Бек Рысбековго ыйгарылды.

Ал эми, аркан тартыш боюнча 1-орунду 1988-жылкы жигиттер, 2-орунду 1994-жылкы жигиттер жана 3-орунду 1986-жылкы жигиттер багындырышты. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, дипломдор, баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 694
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×