Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Нарын

Нарында «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен 11 мугалим сыйланды (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, майрамдык иш-чарага мектептерде, бала бакчаларда эмгектенген алдыңкы мугалимдер, тарбиячылар, мектеп директорлору, бала бакчалардын башчылары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Салтанаттын жүрүшүндө «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин 11 мугалим, Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасын 9 мугалим алды. Ошондой эле, алдыңкы мугалимдерге өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, облустук усулдук билим берүү борборунун, мэриянын, шаардык кеңештин жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары тапшырылып, жалпы 32 мугалим сыйланды.

Майрамдык кечеге келген өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сектор башчысы Динара Жунусова, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Ботоканов жана Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Мамбетов куттуктоо сөздөрүн айтышып, мугалимдерге ийгиликтерди каалашты.

Учурда Нарын шаарынды 8 орто мектеп, 7 бала бакча бар. 7 миң 663 окуучуга 534 мугалим билим берүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 889
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×