Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Нарын

Ак-Талаада Мугалимдердин кесиптик күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Мугалимдердин кесиптик күнү салтанаттуу белгиленип, бир нече мугалимдер сыйланышканын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 7-октябрда райондук маданият үйүндө эл агартуу тармагына эмгеги сиңген мугалимдерге Билим берүү жана илим министрлигинин төш белгилери, райадминистрациянын ардак грамоталары жана баалуу белектери, ошондой эле райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары тапшырылды. Салтанаттын жүрүшүндө район жетекчиси Семетей Черикбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, РИИБдин башчысы Рахат Мурзакматов, аялдар кеңешинин атынан Чатыркүл Дөнөмбаева мугалимдерди куттукташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 775
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×