Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Нарындык А.Бектурганова «Мыкты мугалим» сынагынын жеңүүчүсү аталды (фото)

Turmush -  Нарын шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган «Мыкты мугалим» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган сынактын баш байгесин Кычан Жакыпов атындагы №5 орто мектебинин тарых сабагынын мугалими Анара Бектурганова жеңип алды. Ал эми, 1-орун Матен Сыдыков атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Мирзада Моңолова, 2-орун Э.Ибраев атындагы орто мектебинин информатика сабагынын мугалими Асел Сатарова, 3-орун В.П.Чкалов атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Бурулсун Сырымбетовага ыйгарылып, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 427
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×