Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 10.10.2017 07:55

Тоголок Молдо айылындагы жаштар футбол мелдеш уюштурушту

Turmush -  Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын жаштары ынтымакты бекемдөө жана ар кандай кырсыктардан алыс болуу максатында футбол боюнча мелдеш өткөрүштү. Бул тууралуу жергиликтүү спортчу Урмат Нарынбеков билдирди.

Маалым болгондой, кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүүнү айылдын 1992-жылы жана 1995-жылы туулган жигиттери демилгелешкен. Ага жалпысынан 12 команда катышып, байге фонду 40 миң сомду түздү.

Жыйынтыгында 1-орунду 1990-жылы туулган жигиттер ээлеп, 8 миң сом байгеге, 2-орунду ээлеген 1994-жылы туулган жигиттер 6 миң сомго жана 3-орунду багынткан 1995-жылы туулган жигиттер 5 миң сомго ээ болушуп, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Мелдештин жүрүшүндө айылда көзү өтүп кеткен маркумдарга багышталып куран окулуп, мал союлду. Жаштарга аксакалдар батасын беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×