Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Нарын

Нарындык студенттерге өкмөт башчы баалуу белек берди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 9-октябрда Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыпов С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугуп, өкмөт башчынын белегин тапшырды.

Маалым болгондой, премьер-министр Сапар Исаков Нарынга иш сапары менен барган учурда студенттер менен жолугушуу өткөргөн. Бул жолугушуунун жүрүшүндө студенттер өкмөт башчыга билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагы, калктын коопсуздугу, социалдык көйгөйлөр боюнча суроолорду узатып, тийиштүү жоопторун алышкан. Анда мыкты суроо бергени үчүн эки студентке С.Исаков планшет убада кылган. Алардын бири — Жетиген кызы Калемкашка, ал эми экинчиси — Дүйшөнбек кызы Медина.

Өлкөнүн келечегине кайдыгер карабастан маанилүү маселелерди көтөрүп, ой-пикирлерин ортого салганы үчүн облус башчы жалпы студенттерге ыраазычылык билдирип, окууларына ийгилик каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 874
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×