Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Нарын

Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылында аялдардын укуктары талкууланды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында аялдардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган жыйынга эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова катышты. Жыйындын жүрүшүндө социалдык өнүгүү тармагы боюнча бир катар пикирлер, айыл жергесиндеги аялдын жолдошторунун арасындагы укуктары жана мүмкүнчүлүктөрүнүн колдонулушу тууралуу ой-пикирлер айтылды. Мындан тышкары, почта байланыш бөлүмдөрүнөн акча алуу кызматын банктарга өткөрүү маселеси көтөрүлдү.

Буга чейин социалдык кызматкерлердин пенсия, жөлөкпул алуучуларды почта байланыш бөлүмдөрүнөн банктарга өткөрүү демилгеси катуу жүрүп, август айында 360 адам, сентябрь айында 222 адам почта бөлүмдөрүнөн банктарга өтүшкөн. Алардын арасына мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да кирген. Бирок Т.Исакунова мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тоскоолдуктарга, атайын мажбурлоого кабылбашы керектигин белгиледи.

«Коррупциянын алдын алуу боюнча бардык тармакта акчалай эмес ID-карттарга өтүү маселеси каралган. Ал эми, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, кары-картаңдар, жөлөкпул алуучу жалпы адамдар мындай тоскоолдуктарга, атайын мажбурлоого кабылбашы керек. Ар кимдин өз каалоосу болуусу шарт. Ошол эле каражатын банктан алабы, почтадан алабы ар бир жарандын өз иши», - деди министр Т.Исакунова.

Буга чейин почта байланыш бөлүмдөрүнөн банктарга өткөрүү үчүн мажбурлоо болду деген нааразычылыктар тургундар тарабынан айтылып келген. Бирок Ат-Башы райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы жана анын социалдык кызматкерлери бул маалыматты төгүндөштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1079
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×