Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 09.10.2017 09:38

Ак-Муз айылында коомдук ишмер Н.Касиевдин 70 жылдык мааракеси белгиленди (фото)

Turmush -  Белгилүү коомдук ишмер Накен Касиевдин 70 жылдык мааракеси Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу айыл тургуну Байыш Абдыбеков билдирди.

Анын айтымында, салтанаттуу кечеге айылдаштары, замандаштары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Салтанаттын жүрүшүндө анын баскан жолу тууралуу айтылып, келген коноктор Накен Касиевдин мааракеси менен жылуу куттукташып, белектерин тапшырышты.

Накен Касиев — жөнөкөй дарыгер, мамлекеттик катчы, губернатор болуп эмгектенген. Ал илимдин доктору, «Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» наамы, «Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоонун отличниги» даңк медалы менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×