Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Нарын

Чет-Нурадагы карыларга балуу белектер тапшырылды (фото)

Turmush -  

Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтү тарабынан Орто-Нура айылында кары адамдарга сый тамак уюштурулду. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн Тилекмат Асенеев билдирди.

«Жалпы жети айылдан 100гө чукул кары адамдар чакырылып, аларга белектер тапшырылды. Алар дасторкон үстүндө чай ичишип, өткөн-кеткендерди сүйлөшүп, өздөрүнүн накыл сөздөрүн айтышып, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти», - деди ал.

Карылардын майрамын куттуктаган өнөрпоздор чакан программадагы концерт тартуулашты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1376
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×