Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Ак-Чий айылындагы 7 тургундун дан эгиндери кар алдында калды (видео, фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылында 15 гектардан ашык дан эгиндери кар алдындагы калгандыгын жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалым болгондой, комбайндын жетишсиздигинен аталган айыл аймактагы Майыстан, Үч-Алыш, Кайкалак жана Ала-Байтал чөлкөмүндөгү 7 дыйкандын дан эгиндери кар алдында калып, жараксыз болуп калган. Аталган айылдын тургуну Канимет Шыгаевдин 5 гектар, Шайырбек Турумбековдун 1 гектар, Токон Карыпбековдун 1,5 гектар, Суранчы Кадашовдун 2 гектар, Айбек Асаналиевдин 2 гектар, Бакыт Төлөнбаевдин 2 гектар жана Бектурсун Токтобековдун 1,5 гектар аянтындагы дан эгиндери оруп жыйналбай кар алдында калып, чыгымга учурашты.

«Биздин айылда 1 гана комбайн бар. Эскилиги жеткен, бир күн бузулат, бир күн соо. Техниканын жетишсиздигинен улам, минтип эгиндерибизди жыйнай албай калдык. Чыгымга учурадык. Жазында насыяга 5 центнер үрөн алгам. Эми аны кантип төлөп берем, билбейм? Айдап себүүгө кеткен чыгымыбыз канча болду?», - деди Валентина Байсеркеева.

Насыя алып, 2 гектар аянтка эгин айдаган Айбек Асаналиев төмөндөгүлөргө токтолду.
«Жазында 50 миң сом насыя алып, эгин айдагам. Минтип, бир тоголок буудай ала албай калдым. Кар астында калды. Комбайн жетиштүү болгондо мындай ахыбалга туш болбойт элек. Кеткен чыгымыбызды ким төлөп берет? Насыямды кантип жабам. Бул айыл өкмөттүн алдына техникалык сервис уюштуруп берип коюшса болмок да. Жанагы миллион ашык каражаттагы техниканы карапайым эл сатып ала албайт экен. Ушинтип отурабыз. Чыгымга учурап. Бирөө жарым басып келген жок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2015
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×