Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Теңдик айылындагы 5 балалуу жалгыз бой энеге материалдык жардам көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Кочкор районунун Теңдик айылындагы 5 балалуу жалгыз бой энеге өкмөт башчы Сапар Исаков колдоо көрсөттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Нуриза 5 баланы жалгыз тарбиялайт. Улуу кызы 13 жашта болсо, кичүүсү 2,5 жашта. Учурда ал социалдык коргоонун тизмесинде турат. Жалгыз бой эне 3 миң 888 сом жөлөк пул алып, батирде жашап келет.

Премьер-министр С.Исаков аталган үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүп, Нуриза Батырованын социалдык маселесин чечип берүү боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырма берди.

Ошондой эле, ал Кочкор районунун эли менен жолугуп, бир нече көйгөйлөрдүн үстүндө сөз кылды.

Эске сала кетсек, өкмөт башчы Кочкор айылынын Тогуз-Булак аймагындагы суу тосмонун абалын карап чыккан. Кочкор айылы эки булактан таза суу менен камсыз болот. Буга чейин 1993-жылы ашар жолу менен атайын суу түтүктөрү коюлуп, эки кудук курулган. Бирок анда сууну тазалаган атайын система, ошондой эле таза суу сактаган резервуар жок.

Өкмөт башчы таза суу менен элди камсыз кылуу үчүн, Кочкор айылына жаңы суу тосмону курууну мамлекеттик органдарга тапшырды.

Мындан тышкары С.Исаков Кочкор районундагы иш сапарынын алкагында бир катар социалдык мекемелерди кыдырды. Ал Кочкор райондук аймактык оорукана менен таанышып, медицина кызматкерлери жана бейтаптар менен маектешти. Андан соң, жугуштуу оорулар бөлүмүнө капиталдык оңдоо жүргүзүүнү, жаңы флюрографиялык аппарат алып берүүнү, оорукананын короосуна асфальт төшөөнү убада кылып, тийиштүү мекемелерге тапшырды. Хирургия бөлүмү имараттын экинчи кабатында жайгашкандыктан оорулууларды алып чыгуу кыйла түйшүк жаратат. Бул маселени жеңилдетүү максатында хирургия бөлүмүнүн имаратына лифт орноттуруп берерин айтты. Мындан тышкары медициналык кызматтардын сапатын жакшыртып, жаш адистерди ишке тартуу керектигин жана бул оорукана аймакта үлгү болуп каларын белгиледи.

Аталган оорукана Кочкор районунун 70 миң жашоочусун тейлейт. Ооруканада реанимация, хирургия менен чогуу бардык зарыл болгон медициналык бөлүмдөрдү кошкондо 240 медицина кызматкери иштейт.

Өкмөт башчыга Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери да жолугуп, аймактарда дарыгерлердин жетишсиздиги көйгөй жаратып жатканын белгилешти. Атай кетсек, учурда Кочкор районунда Сары-Булак, Кош-Дөбө жана башка айыл аймактарда жогорку билимдүү дарыгерлер жок.

Өкмөт башчы Кочкор районундагы Кара-Тоо айылындагы авариялык мектептин абалын көрүп, тез арада мектеп куруу тапшырмасын берди. Андан соң, ал Кара-Тоо айылындагы 1926-жылы курулган авариялык абалдагы орто мектепте да болду. Азыркы учурда бул мектепте 400дөн ашык окуучу билим алат, окуу имаратынын тардыгына байланыштуу 300гө жакын окуучу район борборундагы мектепке барып окушууда.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик кызматтарга жаңы мектептерди куруу үчүн жер участокторунун трансформациялоону тапшырды. Ошондой эле, Сапар Исаков окуучулар менен баарлашып, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 564
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×