Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Нарын

Нарында студенттер «Биз адам сатууга каршыбыз» сүрөт көргөзмөсүн уюштурушту (видео, фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы М.Баетов атындагы райондук маданият үйүндө «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган акцияга мекеме-ишканалардын кызматкерлери, окуучулар, студенттер жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Акцияда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов адам сатуу катталбагандыгын, чет элдик жарандарга гана айып салынгандыгын кабарлады. Ошондой эле, катышуучулар окуучулар менен студенттердин «Биз адам сатууга каршыбыз» сүрөт көргөзмөсүнө күбө болушту.

Акция Нарын шаардык маданият кызматкерлеринин концерттик программасы, флешмоб менен жыйынтыкталды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4970
Көп окулду
×