Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Фото - Эки көзү көрбөй калган Эламанга өкмөт жардам берет

Turmush -  Премьер-министр Сапар Исаков Жумгал районунун Чаек айылындагы көп балалуу эне Кайырбүбү Нуралиеванын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Анын баласы Эламан Дуулатбек улуу бала кезинен бери көзүнөн жабыркап келет.

К.Нуралиеванын 7 баласы бар. Учурда аталган үй-бүлө социалдык колдоого муктаж. Премьер-министр көп балалуу энеге материалдык жардам сунуштап жана Эламанга колдоо сөздөрү менен кайрылды. Ошондой эле, өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга ага дарыланууга көмөктөшүүнү табыштады.

Буга чейин Жумгал районунун Чаек айылынын 17 жаштагы тургуну Эламан Дуулатбек уулу өкмөт башчы Сапар Исаковго жардам сурап кайрылган болчу.

Эламан Дуулатбек уулу 2000-жылы 24-декабрда туулган. Ал үйдө 7 бир тууган (5 эркек жана 2 кыз). Эламан эркек балдардын бешинчиси. Апасы Кайырбүбү Нуралиева 1972-жылы туулган. Ал үйдө дыйканчылык менен алектенсе, атасы Дуулатбек Исаев 2005-жылы кайтыш болгон.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Эламан апасы менен кыргыз өкмөтү тарабынан Түркиянын Анкара шаарындагы Анкара билим изилдөө ооруканасына барган. Бирок ал жердин дарыгерлери операция кыла албай тургандыгын билдирип, Стамбулга менчик ооруканага жиберишкен.

Апасы Кайырбүбү Нуралиева учурда Стамбулдан баласынын көзүнө операция кылууга керектүү 300 миң сомдун тегерегинде акча каражатын таба албай убара болууда.

«Баламды жетелеп жүрүп жүрөк оорулуу, нерв оорулуу болуп бүттүм. Урматтуу Сапар Жумакадырович, балама чет жактан операция жасатууга каражат таба албай кыйналып келем. Интернет аркылуу коомчулукка, жалпы журтка кайрылууга аргасыз болуп отурам. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо баламдын операциясына жардам берүүңүздү өтүнөм. Уулум экөөбүздүн сизден чоң үмүтүбүз бар», - деген К.Нуралиева.

Эламан келечекте элге ыйман, ынсап тынчтык жана бейпилдик чакыра турган имам болгусу келерин жана апасы, бир туугандарын бага турганын айтты.

«Урматтуу Сапар Жумакадырович, апам көзүмдү операция кылууга керектүү каражатты таба албай жаткандыктан Сизге кайрылуудамын. Мага жардам берүүңүздү өтүнөм. Менин көп максаттарым бар, аны ишке ашыруум керек», - деди Э.Дуулатбек уулу.

Тема боюнча: 16 жаштагы Эламан Түркиядан 2 көзүнө операция жасатып келүү үчүн материалдык жардамга муктаж (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1984
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×