Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Нарын

Ак-Талаада ашыкча салмактын алдын алуу боюнча спорттук мелдеш уюштурулду (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук ден соолукту чыңдоо кабинети тарабынан «Аз кыймыл — ашыкча салмак» аттуу спорттук мелдеш өткөрүлгөнүн спорт инструктор Мирбек Чырмыев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган мелдешке катышкан мекеме-ишканалардын кызматкерлери волейбол жана теннис боюнча мелдешке түштү. Волейболдун жыйынтыгында 1-орунду Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалимдери, 2-орунду Эсенгул Карасартов атындагы орто мектептин мугалимдери жана 3-орунду «Аялдар кеңеши» коомдук бирикмеси ээлешти. Ал эми, теннис боюнча 1-орунду Гүлжаз Капарбекова, 2-орунду Динара Жылдызбекова жана 3-орунду Жарашбек кызы Эрмек ээледи.

Байге фонду 5 миң сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 809
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×