Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Нарын

Кочкордо мыйзамсыз бак кыйгандарга айып салынды (фото)

Turmush -  Кочкор районунда мыйзамсыз бак-дарактарды кыйгандарга айып салынды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын кызматкери Алмаз Төлөнбаев билдирди, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Анын айтымында, Кочкор айылында жайгашкан борбордук сейил багында мыйзамсыз кара бак кыркылды деген билдирүү аталган түзүмгө кабарланган. Кызматкерлер жерине барып текшергенде сегиз түп кара бак (бийиктиги 1 метр 50 сантиметр) кыркылганы аныкталган.

Бул окуя боюнча териштирүү учурунда сейил бактын жумушчулары жетекчисинин көрсөтмөсү менен кырккандыгын айтышкан.

«10-августтагы катуу шамалдан бактар жыгылган. Мындан улам жыгыла турган коркунучтагы бактарды кырктырганбыз», - деди сейил бактын директору С.Нурмамбетов.

Экотехинспекция тарабынан сейил бактын директору С.Нурмамбетовго административдик укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 1000 сомдук айып 12 миң 155 сом өлчөмүндөгү прейскуранттын негизинде салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 567
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×