Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Нарын облусуНарын району 04.10.2017 15:00

Фото - Нарындын борбордук базарында өрт чыкты

Turmush -  Нарын шаарынын «Береке» базарында бүгүн, 4-октябрда саат 07:30 чамасында электр чубалгыларынан өрт чыгып, базардын 150 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга соодагерлер билдиришти.

Маалым болгондой, эртең менен келген соодагерлер базардын чатырынын өрттөнүп жатканын көрүп, өрт өчүрүүчүлөрдү чакырышкан. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү өз убагында өчүрүүгө жетишкен.

«Базарда соода кылган 17 киши чатырды жаптырганбыз. Кечээ кечке маал базардын электриктерине чатырдагы электр чубалгылар бузулуп жатканын айтканбыз. Кечээ эле электр чубалгыларын оңдоп, кароодон өткөргөндө чатырыбыз өрттөнбөйт эле», - дешти соодагерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×